Difference between revisions of "АТОМ-СУУТЕКТҮҮ ШИРЕТҮҮ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
556-684>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы
‒ суутек м-н ширетүү ыкмасы. Эки вольфрам электроддун (электр манжасынын) ортосундагы электрдик жаа жылуулуктун негизги булагы. Жаанын жогорку темп-расынын (6000°Сге чейин) таасири астында суутек молекуласы (Н2) мол. абалдан атомдук (Н) абалга өтөт. Андан ары муздай баштаганда суутек кайрадан молекулага айланып, кошумча жылуулук бөлүү м-н күйөт. Диссоциацияланган суутек металлды коргойт. Мына ошентип, дээрлик бардык металлдарды (жез ж-а жез кошулмаларынан башка) ширетүүдө бекем ж-а катуу жик салынат.