Difference between revisions of "АТ-ОЙНОК КЫРКА ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

Батыш Теӊир-Тоо до. Кара-Суу (оӊ), Кара-Кулжа сууларынын (Узун-Акматтын оӊ куймасы) ж-а Нарындын төмөнкү куймаларынын (Ит-Сай, Ак-Сай-Башы, Токтобек-Сай, Томатерек ж. б.) аралыгында. Талас Ала-Тоосу м-н Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түш.-чыгышка карай (Нарын д-на чейин) 70 кмге ийилип жатат; туурасы 16 км, орт. бийикт. 3300 м, эӊ бийик жери 3896 м. Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортонку бийик бөлүгүндө байыркы мөӊгүнүн калдыктары ‒ тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түн. капталы кыска, тереӊ тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Кара-Кулжа суусуна тик түшөт. Түш. ж-а түш.-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Кара-Сууга (оӊ) ж-а Нарын д-на акырындап эӊкейиштейт, ортоӊку девондун, карбондун 1700 мге чейинки калыӊдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеӊдик багыттагы тектон. жаракалар м-н бөлүнгөн. Тоодон Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Кара-Суу (оӊ), Нарын д-нын көптөгөн куймалары башталат. Түн. капталында аянты 4‒5 км2 келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт: жарым чөл ж-а талаа (2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 мге чейин), жаӊгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 мге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык -гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаӊгак ж-а ар кандай мөмө-жемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеӊири пайдаланууга болот.