Difference between revisions of "АТАЙЫН ОРТО ОКУУ ЖАЙЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ кесиптик орто билимдүү адистерди даярдоочу окуу жай. Ал Кырг-нда КРдин «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын, КРдин Президентинин указдары м-н Өкмөт токтомдорунун ж. б. укуктук актылар

дын негизинде иш жүргүзөт. Тогуз жылдык билими барлар 3‒4 жыл, орто мектепти бүтүргөндөр 2‒3 жыл окуйт. Негизги милдеттери: инсандын интеллектуалдык, маданий ж-а адеп-ахлактык жактан жетилүүсүн атайын кесиптик орто билим берүү аркылуу камсыз кылуу; коомдун атайын орто билимдүү кадрларга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу. Окуу жайларынын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: техникум, кесиптик орто билим берүү ж-а колледждер (базалык ж-а күчөтүлгөн деӊгээлдеги программа лардын негизинде кесиптик орто билимдүү адистерди даярдайт). А. о. о. ж-лары жалпы орто, баштапкы, кесиптик билим берүү программалары б-ча да адистикке окутат. Окуу күндүзгү, кечки, сырттан окуу ж-а экстерндик формаларда жүргүзүлөт. Окуу сабактары: лекция, семинар, практикалык сабак, лабор. иш, текшерүү жумуштары, консультация, өндүрүштүк практика ж-а кесипке жараша дипломдук иштерди аткаруу формасында ишке ашырылат. Бүтүрүүчүлөргө атайын кесиптик орто билим алгандыгы тууралуу адистик ыйгарылат.