Difference between revisions of "АСХАБДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

а л - а с х а б, а с- с а х а б а ‒ Мухаммед пайгамбардын жанында жүргөн же анын согуштук жүрүштөрүнө катышкан талапкерлери; кийин жалпы эле Мухаммедди көргөн адамдарды да А. деп атап калышкан. Алар алгачкы мусулман аскерлеринин негизин түзгөн. А-дын жогорку катмарын мухажирлери ж-а ансарлар түзүп, халифтерди шайлоого чоӊ таасир тийгизген, о. эле алардын катарынан башкаруучуларды, аскер башчыларды дайындашкан. Алардын жалыйнасы ошол мезгилде өтө жогору болгон. Мухаммед көз жумган соӊ, А. анын окуусун улантышып, өздөрүнүн өзгөчө такыба жүрүм-турум ж-а пикири м-н суннаны ‒ исламдын негизги этика-укуктук бөлүгүн түзүшкөндүгү м-н исламдын тарыхында мааниси зор.