Difference between revisions of "АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АК-ЖОЛ - Сокулук р-ндагы кыштак to АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак) |
|
(Айырма жок)
|
13:14, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АК-ЖОЛ (1983‑жылга чейин Раздольный) - Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Ат‑Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек – «Манас» (аэропорт) автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 30 км түштүк-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 30 км. Калкы 3367 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.