Difference between revisions of "АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ"
м (→top: категория кошуу) |
|||
2 -сап: | 2 -сап: | ||
А. С. ''Ажибеков'' . | А. С. ''Ажибеков'' . | ||
[[Категория:1-Том]] |
08:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АГРАРДЫК ИЛИМ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ БОРБОРУ‒ илимий өндүрүштүк мекеме. КРдин Президентинин 2001-жылдын 31-октябрындагы жарлыгы жана КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы токтому менен КРдин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдында түзүлгөн. Борбордун карамагына Кыргызстан дыйканчылык ИИИ, А. Дүйшеев атындагы Мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИ, Ирригация ИИИ, Агрардык экономика жана кайра иштетүү өнөр жай ИИИ, «Тамеки» илимий өндүрүштүк станциясы, үрөнчүлүк, эксперименттик чарбалар, таяныч пункттары жана мамлекеттик асыл тукум мал заводдору кирген. Борбор негизинен агрардык тармакта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын жетишкендиктерин фермердик, дыйкан, кооперациялык чарбаларга жайылтып жана аларга кеӊеш берген; илимий өндүрүштүк конференция, семинар, симпозиум ж. б-ды уюштурган; агрардык илимдин жетишкендиктерин пропагандалаган жана жайылткан ж. б. Кыргызстанда агрардык илим тармагында жалпысынан 280 илимий кызматкер (анын ичинде 2 академик, 1 корреспондент-мүчө) эмгектенген. Борбордун институттарында жети адистик боюнча докторлук жана кандидаттык диссертация коргоонун 3 диссертациялык кеӊеши иштеген. Борбор илим-изилдөө тармагында Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттеринин ИИИтары, университеттери, эл аралык ICARDA (Сирия), CЮMMЮЕ (Мексика), IPGRI (Италия), GАAR (Италия), ICИA (Сауд Аравиясы) ж. б. илим-изилдөө борборлору менен тыгыз байланышта болгон. Бул борбор 2005-жылдын аягында ишин токтоткон.
А. С. Ажибеков .