Difference between revisions of "АСПИРАНТУРА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
556-684>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(лат. aspirо ‒ умтулам, аракеттенем) ‒ ил. ж-а ил.-пед. кадрларды даярдоо формасы. А. жогорку окуу жайында, ИАларда ж-а ил.- из. ин-ттарында уюштурулган. А-нын күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Күндүзгү (35 жашка чейинкилер үчүн 3 жыл мөөнөт м-н) ж-а сырттан окуу (45 жашка чейинкилер үчүн 4 жыл мөөнөт м-н) бөлүмдөрү бар. А-га жогорку билимдүү, ил. ишке шыктуу, адистиги б-ча 2 жылдан кем эмес стажы бар, ал эми жогорку окуу жайларын жаӊы бүтүргөндөр үчүн ин-ттун окумуштуулар кеӊешинин сунушу б-ча конкурстук кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырганда р кабыл алынат. Кирүүчүлөр жарык көргөн ил. эмгектерин же докладдарын (реферат) тапшырышат. Алар жактырылгандан кийин үч предметтен: адистиги б-ча, илимдин тарыхы ж-а философиясынан, чет тилинен экзамен тапшырышып, сыноодон өтүшөт. Аспирант жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеӊеши же ил.-из. ин-ту бекиткен жекече окуу планы м-н иш алып барат. Ар бир аспирантка ил. жетекчи (илимдин доктору же кандидаты) бекитилет. Өндүрүштө иштеген аспиранттарга А-га киргенге чейин айлык акысынын көлөмүнө жараша стипендия (ай сайын) төлөнөт ж-а ар жылы 2 айга каникул берилет. Өндүрүштө иштеп, жекече планын аткарган аспиранттар үчүн ар жылы эмгек акысы сакталып, кошумча дагы 30 күн дем алыш, ал эми жумасына 6 күн иштегендерге болсо, кошумча дагы бир күн кошулуп берилет.