Difference between revisions of "АСКЕТИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

(гр. asкetes ‒ көнүгүү) ‒ өз эрки м-н күнүмдүк турмуш жыргалчылыктарынан баш тартуу же ашкере чектөө м-н такыба жашоо. А. термини алгач атлеттердин спорттук көнүгүүлөрүн билдирсе, кийинчерээк бир катар диний ж-а филос. агымдардын концепцияларынын негизи болуп, ар кандай түрдө кездешет: тамак-ашты чектөө (орозо, пост ж. б.), үй-бүлө куруудан баш тартуу, так өтүү, целибат, жакырчылык, дербишчилик, өз денесине залал келтирүү ж. б. Алгачкы коомдо эле табияттан тышкары күчтөр, арбактар м-н байланыш түзүү үчүн бакшылар тамак-аш, уйкудан ж. б. өздөрүн чектеп даярдык көргөн. А. айрым филос. мектептерге (мис., киниктер) ж-а диндерге (христианчылык, индуизм ж-а ислам) мүнөздүү. Муктаждыктардан бошонууга, экстаз абалында «табигаттан тышкары жөндөмдүүлүккө» жетишүү (йога), Христос чеккен «азапка» ортоктош болуу сыяктуу ар кандай аракеттер А-дин тышкы ж-а түпкү максаты болушу мүмкүн. А-дин олуттуу жүйөлөрүнүн бири катары (бай төбөлдөр үчүн) коомдук артыкчылыктардан пайдалануудан өз ыктыяры м-н баш тартуу эсептелет.