Difference between revisions of "АВСЮК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

Григорий Александрович [16 (29). 12. 1906, Санкт-Петербург ‒ 30.11.1988, Москва] ‒ орус физ. географы, гляциологу, география илимд. доктору (1953), СССР ИАнын корр. мүчөсү (1960), академик (1984). Жер ж-дөгү илимдер секциясынын Океанология, атм-нын физикасы ж-а география бөлүмүнүн академик-секре тарынын орун басары. Тоо мөӊгүлөрүнө стационардык байкоолор жүргүзүүнүн демилгечиси. 1956-жылдан эл аралык геофиз. жылдын программасы б-ча сов. гляциологиялык изилдөөнү даярдоого ж-а жүргүзүүгө жетекчилик кылган. 1948‒52-ж. Тяншань физ. география станциясы нын жетекчиси. А-тун эмгектери Теӊир-Тоонун азыркы муз каптоосун, мөӊгүлөрдүн темп-ралык режимин изилдөөгө ж-а гляциологиянын жалпы маселелерине арналган.

Эмг.: Горы юго-восточного Казахстана. А.-А., 1945 (совм. с М. С. Калецкой, С. Н. Матвеевым); Температура льда в ледниках. Труды Института географии АН СССР. 1956, Вып. 67.