Difference between revisions of "АЛИМЕНТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(лат. аlimentum ‒ тамак, багуу) ‒ мыйзам б-ча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири экинчисине милдеттүү түрдө төлөп туруучу каражат. А. милдеттенмесинин негизи болуп дайыма үй-бүлөлүк мамилелер (нике, туугандык, асырап алуу) саналат. КРдин мыйзамында А. алууга укуктуулугу, төлөөгө милдеттүүлүгү, анын өлчөмү ж-а төлөө мөөнөтү белгиленген. Мис., эресеге жете элек балдар, о. эле үй-бүлөнүн жашы жеткен, бирок эмгекке жараксыз мүчөлөрү А. алууга укуктуу. Эресеге жете элек балдарга биринчи кезекте ата-энелери (асырап алуучулары) каражат төлөөгө милдеттүү. Ата-эне дүйнөдөн кайткан же каражаты болбогон учурда балдарды багууга каражат төлөп туруу милдети мыйзамда көрсөтүлгөн үй-бүлө мүчөлөрүн ө (чоӊ ата, чоӊ эне, эресеге жеткен бир тууганда ры, өгөй ата, өгөй эне, иш жүзүндөгү тарбиячыга) жүктөлөт. Эресеге жете элек балдарды багуу үчүн төлөнүүчү А-тин өлчөмү мыйзамда төмөндөгүд өй белгиленген: бир бала үчүн ‒ А. төлөөчү ата-эненин айлыгынан ж-а (же) накта кирешесинин 1 чейреги, эки балага ‒ үчтөн бири, үч же андан көп бала үчүн жарымы чегерилет. Балдарды багуу үчүн А. алар 18ге толгонго чейин төлөнөт. А. алган адамдын аны алуусуна негиз болгон жагдайлар жоюлганда (мис., А. алуучу адамдын эмгекке жарамдуулугу кайра калыбына келсе) А. алуу укугу күчүн жоготот. А. адатта ыктыярдуу төлөнөт. А. төлөтүү ж-дөгү жарандык иштер бир айдын ичинде каралууга тийиш. Жоопкер сотко келбесе, мажбурлап келтирилет. Эгер анын турган жери белгисиз болсо, сот издөө жарыялоого милдеттүү. Зарыл учурларда сот ишти караганга чейин эле А. төлөтүү ж-дө убактылуу токтом чыгарышы мүмкүн. Төлөтүү доочу сотко кайрылганга чейин эле каралып, эгер жоопкер андан баш тартса, өтүп кеткен убакыт (үч жылга чейин) үчүн да төлөтүп алынат. Соттун А. төлөтүү ж-дөгү чечими чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирет, жоопкердин апелляциялык даттануусу аны токтото албайт. А. төлөөдөн кыянаттык м-н качуу, аны сот белгилеген өлчөмдө төлөбөөгө аракеттенүү

(мис., кошумча айлык акысын узак убакыт жашыруу) адамдын өмүрүнө, денсоолугуна зыян, беделине шек келтирүү сыяктуу кылмыштар га кирет. С. Муратбек кызы.