Difference between revisions of "АЛЖИР шаары"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
(ар. Аль-Жазаир) ‒ Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын борбору. Алжир вилайетинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Алжир булуӊунун батыш жээгинде, Атлас тоо системасындагы Телль-Атлас кырка тоосундагы Журжур тоосунун капталында жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2010; Чоӊ Алжир агломерациясында 3,4 млн). Жер Ортолук деӊиздеги порт (жылына 23‒29 т жүк ташылат). Эл аралык аэропорт А.‒ өлкөнүн ири өнөр жай ж-а маданий борбору. Машина куруу, тамак-аш (шарап, май), текстиль, хим., нефть ажыратуу өнөр жайы иштейт. Метрополитен, ун-т,
улуттук китепкана, архив (1971), музей (алгачкы коомдун тарыхы ж-а этнографиясы), театр, ботан. бак бар. Кинематографиянын улуттук борборунда 1985-жылдан театралдык фестивалдары өткөрүлүп турат. 10-к-да Икозиум тургун жайынын калдыгынын ордунда негизделген. 1830‒1962-ж. Франция ээлигинин адм. борбору болгон. Касба-чеби (Бүткүлдүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) мунаралуу (1323). Чоӊ мечит (1096) мунаралары м-н сакталган.