Difference between revisions of "АЛАЙ ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  Кырг-ндын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн ''Алай'', түштүгүнөн ''Чоӊ Алай кырка тоолору'' , чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосуну н тармактары м-н чектешет. Аянты 8,4 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Уз. 174 ''км, ''туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 ''км, ''батышында 3‒7 ''км, ''ортонку бөлүгүндө 40 ''км. ''Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 3000 ''м, ''эӊ бийик жери чыгышында 3536 ''м ''(Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 ''м. ''А. ө-нүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан ж-а тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан А. ө. батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төөкарындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталынын жазылыгы 25 ''км, ''жантаюусу 23‒25°; орт. бийикт. 6000 ''м, ''эӊ бийик жери 7134 ''м ''(Ленин атн. чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 ''км''ге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1200‒2000''м; ''өрөөндү караган түш. капталы кыска
  '''АЛАЙ ӨРӨӨНҮ''' Кырг-ндын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн ''Алай'', түштүгүнөн ''Чоӊ Алай кырка тоолору'' , чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосунун тармактары м-н чектешет. Аянты 8,4 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Уз. 174 ''км, ''туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 ''км, ''батышында 3‒7 ''км, ''ортонку бөлүгүндө 40 ''км. ''Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 3000 ''м, ''эӊ бийик жери чыгышында 3536 ''м ''(Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 ''м. ''А. ө-нүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан ж-а тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан А. ө. батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төө карындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталынын жазылыгы 25 ''км, ''жантаюусу 23‒25°; орт. бийикт. 6000 ''м, ''эӊ бийик жери 7134 ''м ''(Ленин атн. чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 ''км''ге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1200‒2000 ''м; ''өрөөндү караган түш. капталы кыска.
[[File:АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png | thumb | none]]
[[File:АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png | thumb | none]]
(4‒15 ''км) ''ж-а тик. А. ө. калыӊдыгы 700‒800''м''ге жеткен байыркы ж-а азыркы аллювий-про лювий ж-а гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түш. капталдары мезозой м-н кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор ж-а неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) м-н неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түн. капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кенбайлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таштуз, курулуш материалдары ж. б. Климаты О. Азия аба массасынын циркуляциясы м-н тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түн., түн.-батыш тан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түш.-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан А. ө-нүн климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 ''мм, ''батышында 271 ''мм''. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу д. агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физ. геогр. шартына жараша (түш. тарабынан тоолор м-н курчалып, деӊиз деӊг. бийик абалы, Памир м-н Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай та

лаа, шалбаалуу талаа м-н алмашат. Тоо капталдарына субальп ж-а альп талаасы, шалбаалуу талаа ж-а дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. А. ө-нүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен обл-нун малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош‒Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыш-нда 18‒19-к-га таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-к.) жазуулары сакталган.<br>

''К. Матикеев.''<br>
''К. Матикеев.''<br>

15:18, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ Кырг-ндын түштүгүндө. Кеӊдик багытында созулуп жатат. Түндүгүнөн Алай, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоолору , чыгышынан Көк-Суу, батышынан Алай кырка тоосунун тармактары м-н чектешет. Аянты 8,4 миӊ км2. Уз. 174 км, туурасы чыгыш бөлүгүндө 27 км, батышында 3‒7 км, ортонку бөлүгүндө 40 км. Деӊиз деӊг. орт. бийикт. 3000 м, эӊ бийик жери чыгышында 3536 м (Тоо-Мурун ашуусу), эӊ жапыз жери батышында 2440 м. А. ө-нүн рельефинин азыркы турпаты неотектоникалык кыймылдардан ж-а тышкы күчтөрдөн (төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, эрозия, үбөлөнүү ж. б.) пайда болгон. Жалпысынан А. ө. батышты карай акырындап жантайган түздүк; ага тектирлүү жайылмалуу өрөөн, тоо этегиндеги шиленди түздүктөр, мореналык дөбө-дөӊсөөлөр («төө карындар»), чуӊкурчактар мүнөздүү. Өрөөндү караган Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталынын жазылыгы 25 км, жантаюусу 23‒25°; орт. бийикт. 6000 м, эӊ бийик жери 7134 м (Ленин атн. чоку). Капталдарында тереӊ, тепши сымал мөӊгүлүү өрөөндөр көп. Ал эми өрөөндү түндүгүнөн чектеген Алай кырка тоосу Чоӊ Алайга караганда 1500‒2000 кмге жапыз; өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1200‒2000 м; өрөөндү караган түш. капталы кыска.
АЛАЙ ӨРӨӨНү23.png

(4‒15 км) ж-а тик. А. ө. калыӊдыгы 700‒800мге жеткен байыркы ж-а азыркы аллювий-про лювий ж-а гляциалдык тектерге толгон. Өрөөндүн түш. капталдары мезозой м-н кайнозой тектеринин калыӊ катмарынан, айрым жерлери бор ж-а неогендин кызыл, кызгылт-күрөӊ түстөгү кум-шагылдуу конгломераттарынан, дарыя өрөөндөрү палеоген (кум, мергель, чополуу сланец) м-н неогендин (кызыл түстүү кумдук, конгломерат) тектеринен турат. Өрөөндүн түн. капталдары палеозойдогу бүктөлүүгө дуушарланган деӊиз чөкмөлөрүнөн, силурдун кумдук, сланец; девондун акиташ теги, сланец, кумдук; карбондун конгломерат тектеринен түзүлгөн. Кенбайлыктары: көмүр, күйүүчү сланец, таштуз, курулуш материалдары ж. б. Климаты О. Азия аба массасынын циркуляциясы м-н тыгыз байланышта. Өрөөндү курчаган бийик тоолор аба массаларынын эркин өтүшүнө тоскоол болуп тургандыктан түн., түн.-батыш тан соккон муздак аба массасы жаз, жай айларында Чоӊ Алай кырка тоосунун түн. капталдарына, түштүгүнөн сейрек соккон жылуу аба кышында Алай кырка тоосунун түш.-батыш капталдарына арбын жаан-чачын алып келет. Өрөөндүн этек бөлүктөрү кургакчыл. Жалпысынан А. ө-нүн климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы өрөөндүн чыгышында ‒17,5°С, батышында ‒14,4°С, июлдуку чыгышында 9,2°С, батышында 15,3°С. Жаан-чачыны чыгышында 346 мм, батышында 271 мм. Өрөөн аркылуу чыгыштан батышка Кызыл-Суу д. агып өтөт. Байыркы мореналардын арасындагы чуӊкурларда майда көлдөр көп (Орто-Чукур, Боока-Чукур, Корумду-Чукур). Өрөөн жер астындагы сууларга да бай. Агыш күрөӊ, коӊур каралжын, тоо шалбаа, чымдак, аллювий топурагы басымдуу. Физ. геогр. шартына жараша (түш. тарабынан тоолор м-н курчалып, деӊиз деӊг. бийик абалы, Памир м-н Теӊир-Тоонун чегинде жатышы) Алайдын өсүмдүктөрү да айланасындагы аймактардан өзгөчөлөнүп турат. Өрөөндүн таманынын чөл өсүмдүктөрү батыштан чыгышты карай та лаа, шалбаалуу талаа м-н алмашат. Тоо капталдарына субальп ж-а альп талаасы, шалбаалуу талаа ж-а дүӊгөлүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Батыш четинде сейрек арча токою, суу жайылмаларында тал, бака терек, бадал өсүмдүктөрү өсөт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан аймактарды шалбаалуу саздар ээлейт. А. ө-нүн мал чарбасында мааниси чоӊ. Анда жайкысын Ош, Баткен обл-нун малдары багылат. Чабынды жерлери да кеӊейүүдө. Өрөөн аркылуу Ош‒Хорог автомобиль жолу өтөт. Дароот-Коргон кыш-нда 18‒19-к-га таандык чеп (сокмодубал) коргондор, Алтын-Дарадагы мазарларда араб (16-к.) жазуулары сакталган.
К. Матикеев.