Difference between revisions of "АЛГЫР КУШТАР"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛГЫР КУШТАР''' ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн | '''АЛГЫР КУШТАР''' ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн мүнүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай, ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> башка куштардан айырмаланат. [[File:АЛГЫР КУШТАР46.png | thumb|Алгыр куштар: ‒ 1. Карчыга; 2. Турумтай; 3. Ителги; 4. Шумкар; 5. Жагалмай; 6. Ылаачын.]] | ||
Алгыр куштар оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, ошондой эле зоокчулук (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. Алгыр куштар тартуу <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кыздын себине, калыӊга башат катары да берилген. Азыркы учурда Алгыр куштарды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. Алгыр куштардын ичинен бүркүт <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.<br> |
15:03, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЛГЫР КУШТАР ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн мүнүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай, ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы менен башка куштардан айырмаланат.
Алгыр куштар оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, ошондой эле зоокчулук (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. Алгыр куштар тартуу жана кыздын себине, калыӊга башат катары да берилген. Азыркы учурда Алгыр куштарды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. Алгыр куштардын ичинен бүркүт менен карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.