Difference between revisions of "АККУМУЛЯТОР"
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АККУМУЛЯТОР''' (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал ''батарея'' деген ат менен да белгилүү. Аларды за­ | '''АККУМУЛЯТОР''' (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал ''батарея'' деген ат менен да белгилүү. Аларды за­ряддоонун жүрүшүндө химиялык энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑химиялык элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу Аккумуляторду 1859‑жылы фрциялык физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энер­гиянын түрүнө жараша Аккумулятор электрдик, гидрав­ликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик Аккумулятор электр энергиясын химиялык энергияга айландырып чогултат. Керек болгон­до ал энергия химиялык реакциянын негизинде кай­ра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик Аккумулятордун кислота­луу жана жегичтүү деген эки түрү бар. К и с л о т а л у у Аккумулятордун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондук­тан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдону­лат. Жегичтүү Аккумулятор – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдала­ньшат. Гидравликалык Аккумулятор суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ы­л у у л у к Аккумулятору өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энер­гиясын чогултат. Инерциялык Аккумулятор сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мисалы, ай­лануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк. | ||
13:28, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АККУМУЛЯТОР (лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу максатында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат менен да белгилүү. Аларды заряддоонун жүрүшүндө химиялык энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑химиялык элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу Аккумуляторду 1859‑жылы фрциялык физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энергиянын түрүнө жараша Аккумулятор электрдик, гидравликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик Аккумулятор электр энергиясын химиялык энергияга айландырып чогултат. Керек болгондо ал энергия химиялык реакциянын негизинде кайра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик Аккумулятордун кислоталуу жана жегичтүү деген эки түрү бар. К и с л о т а л у у Аккумулятордун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондуктан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдонулат. Жегичтүү Аккумулятор – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдаланьшат. Гидравликалык Аккумулятор суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ыл у у л у к Аккумулятору өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энергиясын чогултат. Инерциялык Аккумулятор сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мисалы, айлануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.