Difference between revisions of "АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ''' | '''АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ''' (1980‑жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги М. М. ''Адышевдин'' ысмында) Ош облусунун түндүк-чыгы­шында, Тар жана Гүлчө сууларынын аралыгы­нан орун алган. Терек тоосунан Төө‑Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түндүк-батышта 110 ''км''ге созулат. Эң жазы жери 50 ''км.'' Орточо бийиктиги 3260 ''м,'' эң бийик жери 4785 ''м'' (Академик Ады­шев атындагы чоку; түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Түндүк-ба­тышка карай басаңдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытын­дагы көптөгөн тектоникалык жаракалар менен тилме­ленген. Ири тармактары: Кызыл‑Агын, Жыла­ңач‑Таш, Көк‑Булак, Кара‑Сороң, Алдаяр ж. б. Кар, муз каптаган шиш чокулуу, түштүк-чыгышы­на бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто жана түндүк-батышына денудация‑эрозиялык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыңкы аккуму­ляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоо­нун издери түштүк-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түштүк-чыгышындагы бийик бөлүгү – девон жана силурдун сланец, кумдук, конгломерат; орто бөлүгү – бор, юра, палеогендин филлит, | ||
[[File:АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ31.png | thumb|none]] | [[File:АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ31.png | thumb|none]] | ||
сери­циттүү сланец, кумдук; жапызыраак түндүк-баты­шы палеоген менен антропогендин кум, чопо, кон­гломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокулар­да асылма мөңгүлөр кездешет. Кырка тоого жа­пыз тоолуу‑талаа, орто бийик тоолуу шалбаа­луу‑талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоо­луу субальп, альп, гляциалдык‑нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.

11:02, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ (1980‑жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги М. М. Адышевдин ысмында) Ош облусунун түндүк-чыгышында, Тар жана Гүлчө сууларынын аралыгынан орун алган. Терек тоосунан Төө‑Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түндүк-батышта 110 кмге созулат. Эң жазы жери 50 км. Орточо бийиктиги 3260 м, эң бийик жери 4785 м (Академик Адышев атындагы чоку; түштүк-чыгыш бөлүгүндө). Түндүк-батышка карай басаңдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытындагы көптөгөн тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Ири тармактары: Кызыл‑Агын, Жылаңач‑Таш, Көк‑Булак, Кара‑Сороң, Алдаяр ж. б. Кар, муз каптаган шиш чокулуу, түштүк-чыгышына бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто жана түндүк-батышына денудация‑эрозиялык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыңкы аккумуляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоонун издери түштүк-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түштүк-чыгышындагы бийик бөлүгү – девон жана силурдун сланец, кумдук, конгломерат; орто бөлүгү – бор, юра, палеогендин филлит,
серициттүү сланец, кумдук; жапызыраак түндүк-батышы палеоген менен антропогендин кум, чопо, конгломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокуларда асылма мөңгүлөр кездешет. Кырка тоого жапыз тоолуу‑талаа, орто бийик тоолуу шалбаалуу‑талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоолуу субальп, альп, гляциалдык‑нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.