Difference between revisions of "АК-ЖОЛ - Сокулук районундагы кыштак"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

15:11, 18 Январь (Үчтүн айы) 2023 -деги абалы

АК-ЖОЛ (1983‑ж. чейин Раздольный) ­Чүй обл‑нун Сокулук р‑ндагы кыштак. Ат‑Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек – «Манас» (аэропорт) автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш‑нан 30 км түш.-чыгыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 30 км. Калкы 3367 (2009); негизинен мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.