Difference between revisions of "АЙТЫМ КҮҮЛӨР"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТЫМ КҮҮЛӨР''' – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазму­нун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат | '''АЙТЫМ КҮҮЛӨР''' – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазму­нун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат жанa тууроо сыяк­туу каражаттарды колдонуу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> комуздун <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жо­мок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жан­такпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулар­дын репертуарында жанa чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «То­гуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) айтым күүлөр не­гизги орунду ээлеген. | ||
''Б. Алагушов.''<br> |
13:40, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙТЫМ КҮҮЛӨР – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазмунун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат жанa тууроо сыяктуу каражаттарды колдонуу менен комуздун жана кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жомок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жантакпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулардын репертуарында жанa чыгармаларында (мис., Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «Тогуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) айтым күүлөр негизги орунду ээлеген.
Б. Алагушов.