Difference between revisions of "АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АДВЕНТЙКА ОРГАНДАРЫ to АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ) |
|
(Айырма жок)
|
14:55, 29 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калыптанып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар). Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабактын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жалбыракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр системасын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.
А.Мурсалиев.