Difference between revisions of "АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ'''– Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи | '''АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ''' – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согуштары (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-ж. Кандагар, Газни, Кабул шаарларын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-ж. аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи Англия-Афган согушу (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири ''Аманулла хандын'' Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган. |
12:12, 5 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы
АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи Англия-Афган согуштары (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-ж. Кандагар, Газни, Кабул шаарларын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-ж. аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Экинчи Англия-Афган согушу (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Үчүнчү Англия-Афган согушунун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.