Difference between revisions of "АЛА БАКАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 ''м'' узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жа
  ‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 ''м'' узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жасалган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.
салган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.
[[File:АЛА БАКАН17.png | thumb | none]]
[[File:АЛА БАКАН17.png | thumb | none]]

12:53, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

‒ 1) тамак-аш, идиш-аяк, кийим-кече ж.б. илине турган 2‒3 м узундуктагы жыгач буюм. А. көп ача-бутактуу, илгич болууга ылайыктуу четин, арча, кайыӊ, тал ж. б. жыгачтардан жасалган. Мындай А-дар боз үйдүн ашканасында болгон. Тамак-аш, идиш-аяк илинген А. чыгданды да жөлөп турган. О. эле көп кырдуу, сайлуу же жумуру түз жыгачтын бир нече жерине жез, темир же күмүш илгичтер чөгөрүлгөн, оймо-чиймелер м-н кооздолуп жасалган А. да колдонулган. Мындай А. кооздук буюм катары жүктүн эки жагына коюлуп, эр жагындагысына эркектердин кийим-кечеси, куралдары, ат жабдык буюмдары; эпчи жагындагысына аялдардын сый кийими, жасалгалары, ж. б. илинген. 2) А. түрүндө жасалган түр, оймо, сайма, терме, чийме. Аларга түшүрүлгөн оюмдардын ар бир ачасынын башы башка түрлөр м-н айкалыштырылган. Мындай оюмдар чырмалып согулган чыгданда, туш кийиз жээктеринде, ала кийизде, тегирич, кылдырооч таарларында кеӊири колдонулган. Бүгүнкү кыргыздын боз үй эмеректеринин ичинде ал сейрек кездешет.
АЛА БАКАН17.png