Difference between revisions of "АЛАБУГА суусу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (2))
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛАБУГА''' ‒ Ак-Талаа р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 180 ''км, ''алабынын аянты 5820 ''км''2. Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түн. капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп А-ны түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 ''км''), Коӊорчок (39 ''км''), Кашка-Суу (33 ''км''), Кумарык (23''км) ''(оӊ); Бычан (40 ''км),'' Сөөк (45 ''км''), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 26,5 ''м''3''/сек ; ''көбү ‒ 124 ''м''3''/сек, ''эӊ азы ‒ 9,70 ''м''3''/сек. ''Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыш. жана Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.

'''АЛАБУГА''' ‒ Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 ''км, ''алабынын аянты 5820 ''км''2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Алабуганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 ''км''), Коӊорчок (39 ''км''), Кашка-Суу (33 ''км''), Кумарык (23''км) ''(оӊ); Бычан (40 ''км),'' Сөөк (45 ''км''), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 ''м''3''/сек; ''көбү ‒ 124 ''м''3''/сек, ''эӊ азы ‒ 9,70 ''м''3''/сек. ''Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыштагы жана Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.

09:34, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЛАБУГА ‒ Ак-Талаа районундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Узундугу 180 км, алабынын аянты 5820 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш жана Торугарт кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталат. Жогорку бөлүгү Арпа деп аталып, Арпа менен Бычан кошулуп Алабуганы түзөт. Арпа өрөөнү аркылуу агып, Ортоӊку Нарын өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, суусу тайыздайт. Куймалары: Жаман-Даван (64 км), Коӊорчок (39 км), Кашка-Суу (33 км), Кумарык (23км) (оӊ); Бычан (40 км), Сөөк (45 км), Кара-Суу, Миӊ-Жылкы, Мына-Келди, Кырчын-Булак (сол). Майда кирип, октябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 26,5 м3/сек; көбү ‒ 124 м3/сек, эӊ азы ‒ 9,70 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Кош-Дөбө, Коӊорчок кыштагы жана Шырдакбек сепилинин чалдыбары жайгашкан. Топоним суудагы балыктын атынан пайда болгондугу божомолдонот.