Difference between revisions of "АДЫРГЫ"
Jump to navigation
Jump to search
м (→top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДЫРГЫ''' – өрмөк согууда колдонулуучу аспап. | '''АДЫРГЫ''' – өрмөк согууда колдонулуучу аспап. Узундугу 40–50 ''см,'' жазылыгы 15–18 ''см,'' калыңдыгы 3–6 ''см,'' баш‑аягы бирдей, эки кыры жукартыла жумурланган жалпак тактай. Эки четинин ортосунда ''сабоонун'' ичке жагы өтүп, жоон башы такалып калгандай эки көзөнөгү болот. | ||
[[File:АДЫРГЫ3.png | thumb|none]] | [[File:АДЫРГЫ3.png | thumb|none]] | ||
''Күзү''к''түн'' жардамы <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> | ''Күзү''к''түн'' жардамы <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> Адыргы аркылуу өрмөктөгү ''эриш'' жиптердин астыңкы жарымын үстүнө, үстүңкү жарымын астына өткөрүп, ар бир өтүшүндө ''ар какты'' эриштердин арасына кысып калтырып турат. Кубаттуу, өндүрүмдүү өрмөк станоктору чыкканы кыргыздын кол ''өрмөгү'' пайдаланылбай, учурда Адыргы өтө сейрек кездешет. |
09:23, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АДЫРГЫ – өрмөк согууда колдонулуучу аспап. Узундугу 40–50 см, жазылыгы 15–18 см, калыңдыгы 3–6 см, баш‑аягы бирдей, эки кыры жукартыла жумурланган жалпак тактай. Эки четинин ортосунда сабоонун ичке жагы өтүп, жоон башы такалып калгандай эки көзөнөгү болот.
Күзүктүн жардамы менен Адыргы аркылуу өрмөктөгү эриш жиптердин астыңкы жарымын үстүнө, үстүңкү жарымын астына өткөрүп, ар бир өтүшүндө ар какты эриштердин арасына кысып калтырып турат. Кубаттуу, өндүрүмдүү өрмөк станоктору чыкканы кыргыздын кол өрмөгү пайдаланылбай, учурда Адыргы өтө сейрек кездешет.