Difference between revisions of "АСТМА"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АСТМА''' (гр. asthma ‒ дем кыстыгуу, муунуу) ‒ бронх жылчыгынын тарышынан (к. ''Бронх астмасы'' ) же жүрөктүн жабыркоосунан (к. ''Жүрөк астмасы'' ) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу) оорусу. Ал капысынан кармайт. Бронх А-сы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазм, былжыр челдин шишиги), жүрөк А-сы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан ж-а бронхтордун рефлекстик кысылуусунан болот. А. кармаганда тезинен мед. жардам талап кылынат: отургузуу, таза аба м-н дем алдыруу оорулуунун абалын жеӊилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү м-н гана кабыл алуу керек. |
09:51, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АСТМА (гр. asthma ‒ дем кыстыгуу, муунуу) ‒ бронх жылчыгынын тарышынан (к. Бронх астмасы ) же жүрөктүн жабыркоосунан (к. Жүрөк астмасы ) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу) оорусу. Ал капысынан кармайт. Бронх А-сы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазм, былжыр челдин шишиги), жүрөк А-сы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан ж-а бронхтордун рефлекстик кысылуусунан болот. А. кармаганда тезинен мед. жардам талап кылынат: отургузуу, таза аба м-н дем алдыруу оорулуунун абалын жеӊилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү м-н гана кабыл алуу керек.