Difference between revisions of "АКСИОЛОГИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
1 -сап: 1 -сап:
  (гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду ж-а баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу филос. окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий ж-а социал. факторлору, адам топтору м-н байланышы ж-дөгү илим. Терминди илимге 20-к-да француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук ил. түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулук тар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ ж-а терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө ил. тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар м-н адамгерчи лик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мис., атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири ил. баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт. <br>
  (гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду ж-а баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу филос. окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий ж-а социал. факторлору, адам топтору м-н байланышы ж-дөгү илим. Терминди илимге 20-к-да француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук ил. түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ ж-а терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө ил. тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар м-н адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мис., атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири ил. баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт. <br>
''Т. Эсенгелдиев. ''<br>
''Т. Эсенгелдиев. ''<br>

09:59, 23 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду ж-а баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу филос. окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий ж-а социал. факторлору, адам топтору м-н байланышы ж-дөгү илим. Терминди илимге 20-к-да француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук ил. түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ ж-а терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө ил. тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар м-н адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мис., атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири ил. баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт. 

Т. Эсенгелдиев.