Difference between revisions of "АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: ж-а → жана (8), а. и. → анын ичинде)
1 -сап: 1 -сап:
[АВСТРА́ЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ]
[АВСТРА́ЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ]

'''АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ''' Австралиж ж-а ага чектеш аралдарды камтыйт. Ал 5 кичи облустан: Австралия (Австралиянын көпчүлүк бөлүгү, Тасман а.), Папуас (Жаӊы Гвинея ж-а батыш тараптагы аралдар), Жаӊы Зеландия (Жаӊы Зеландия ж-а Окленд, Макзори, Чатем а.), Полинезия (Полинезия, Микронезия ж-а Меланезия а.) ж-а Гавайиден (Гавайи а.) турат. А. з. о-тун эзелтен берки геогр. обочолонуусу, анын аймактарында байыркы ж-а өтө сейрек учуроочу эндемик, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнүн калыптанышына алып келген. Бул жерде жөнөкөй сүт эмүүчүлөр, а. и. бир тешиктүү жумуртка туучулар (өрдөк тумшуктар, чүткөрлөр) ж-а баштыкчандар (160ка жакын түрү) басымдуулук кылат. Австралияда бөрсө (кенгуру), баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан суусарлар, баштыкчан кашкулактар, баштыкчан жарганаттар, баштыкчан көр чычкандар, вомбаттар, баштыкчан аюу (коала), баштыкчан ибилис ж. б-лар жашайт. Кемирүүчүлөр ж-а жарганаттардан башка чөптүү плаценталуу сүт эмүүчүлөр А. з. о-на адам алып келип, кийин жапайы түргө айланып кеткен (жапайы коён, чочко, түлкү, ит ж. б.). Баштыкчандар Австралияда адатта башка континенттерде чөптүү (плаценттүү) сүт эмүүчүлөр жашагандай жерлерди ээлейт, ошондуктан булардын тиричилик мүнөзү окшош калыптанган. Бул облустагы 700гө жакын куштардын 450дөйү (казуарлар, бейиш кушу, балчылар, кооз куйруктуулар көп, тоту куштар, таажычан көгүчкөндөр, чабакчылар ж. б.) эндемиктер. Сойлоочулардын ‒ жалдуу крокодил, гаттерия, геккондор, жакалуу кескелдирик, тикендүү кескелдириктер, сцинктер кезигет. Жыландардын көбү уулуу, негизинен аспид уруусуна кирет. Тузсуз сууда жашоочулардын мүнөздүү өкүлү ‒ эки түрдүү дем алуучу мүйүз тиш балыгы. Түн. А. з. о-нун (Папуас кичи обл.) жаныбарлар дүйнөсү Инди-Малайя зоогеогр. обл-нун фаунасына окшош.
'''АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ''' Австралиж жана ага чектеш аралдарды камтыйт. Ал 5 кичи облустан: Австралия (Австралиянын көпчүлүк бөлүгү, Тасман а.), Папуас (Жаӊы Гвинея жана батыш тараптагы аралдар), Жаӊы Зеландия (Жаӊы Зеландия жана Окленд, Макзори, Чатем а.), Полинезия (Полинезия, Микронезия жана Меланезия а.) жана Гавайиден (Гавайи а.) турат. А. з. о-тун эзелтен берки геогр. обочолонуусу, анын аймактарында байыркы жана өтө сейрек учуроочу эндемик, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнүн калыптанышына алып келген. Бул жерде жөнөкөй сүт эмүүчүлөр, анын ичинде бир тешиктүү жумуртка туучулар (өрдөк тумшуктар, чүткөрлөр) жана баштыкчандар (160ка жакын түрү) басымдуулук кылат. Австралияда бөрсө (кенгуру), баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан суусарлар, баштыкчан кашкулактар, баштыкчан жарганаттар, баштыкчан көр чычкандар, вомбаттар, баштыкчан аюу (коала), баштыкчан ибилис ж. б-лар жашайт. Кемирүүчүлөр жана жарганаттардан башка чөптүү плаценталуу сүт эмүүчүлөр А. з. о-на адам алып келип, кийин жапайы түргө айланып кеткен (жапайы коён, чочко, түлкү, ит ж. б.). Баштыкчандар Австралияда адатта башка континенттерде чөптүү (плаценттүү) сүт эмүүчүлөр жашагандай жерлерди ээлейт, ошондуктан булардын тиричилик мүнөзү окшош калыптанган. Бул облустагы 700гө жакын куштардын 450дөйү (казуарлар, бейиш кушу, балчылар, кооз куйруктуулар көп, тоту куштар, таажычан көгүчкөндөр, чабакчылар ж. б.) эндемиктер. Сойлоочулардын ‒ жалдуу крокодил, гаттерия, геккондор, жакалуу кескелдирик, тикендүү кескелдириктер, сцинктер кезигет. Жыландардын көбү уулуу, негизинен аспид уруусуна кирет. Тузсуз сууда жашоочулардын мүнөздүү өкүлү ‒ эки түрдүү дем алуучу мүйүз тиш балыгы. Түн. А. з. о-нун (Папуас кичи обл.) жаныбарлар дүйнөсү Инди-Малайя зоогеогр. обл-нун фаунасына окшош.
Ад.: ''Рептнер'' ''В. Г.'' Общая зоогеография. М., Л., 1936; ''Бобринский Н. А., Гладков Н. А.'' География животных, 2-изд. М., 1961, ''Воронов'' ''А. Г.'' Биогеогра фия. М., 1963.
Ад.: ''Рептнер'' ''В. Г.'' Общая зоогеография. М., Л., 1936; ''Бобринский Н. А., Гладков Н. А.'' География животных, 2-изд. М., 1961, ''Воронов'' ''А. Г.'' Биогеогра фия. М., 1963.

14:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

[АВСТРА́ЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ]

АВСТРАЛИЯ ЗООГЕОГРАФИЯЛЫК ОБЛУСУ Австралиж жана ага чектеш аралдарды камтыйт. Ал 5 кичи облустан: Австралия (Австралиянын көпчүлүк бөлүгү, Тасман а.), Папуас (Жаӊы Гвинея жана батыш тараптагы аралдар), Жаӊы Зеландия (Жаӊы Зеландия жана Окленд, Макзори, Чатем а.), Полинезия (Полинезия, Микронезия жана Меланезия а.) жана Гавайиден (Гавайи а.) турат. А. з. о-тун эзелтен берки геогр. обочолонуусу, анын аймактарында байыркы жана өтө сейрек учуроочу эндемик, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнүн калыптанышына алып келген. Бул жерде жөнөкөй сүт эмүүчүлөр, анын ичинде бир тешиктүү жумуртка туучулар (өрдөк тумшуктар, чүткөрлөр) жана баштыкчандар (160ка жакын түрү) басымдуулук кылат. Австралияда бөрсө (кенгуру), баштыкчан кумурскачылар, баштыкчан суусарлар, баштыкчан кашкулактар, баштыкчан жарганаттар, баштыкчан көр чычкандар, вомбаттар, баштыкчан аюу (коала), баштыкчан ибилис ж. б-лар жашайт. Кемирүүчүлөр жана жарганаттардан башка чөптүү плаценталуу сүт эмүүчүлөр А. з. о-на адам алып келип, кийин жапайы түргө айланып кеткен (жапайы коён, чочко, түлкү, ит ж. б.). Баштыкчандар Австралияда адатта башка континенттерде чөптүү (плаценттүү) сүт эмүүчүлөр жашагандай жерлерди ээлейт, ошондуктан булардын тиричилик мүнөзү окшош калыптанган. Бул облустагы 700гө жакын куштардын 450дөйү (казуарлар, бейиш кушу, балчылар, кооз куйруктуулар көп, тоту куштар, таажычан көгүчкөндөр, чабакчылар ж. б.) эндемиктер. Сойлоочулардын ‒ жалдуу крокодил, гаттерия, геккондор, жакалуу кескелдирик, тикендүү кескелдириктер, сцинктер кезигет. Жыландардын көбү уулуу, негизинен аспид уруусуна кирет. Тузсуз сууда жашоочулардын мүнөздүү өкүлү ‒ эки түрдүү дем алуучу мүйүз тиш балыгы. Түн. А. з. о-нун (Папуас кичи обл.) жаныбарлар дүйнөсү Инди-Малайя зоогеогр. обл-нун фаунасына окшош.

Ад.: Рептнер В. Г. Общая зоогеография. М., Л., 1936; Бобринский Н. А., Гладков Н. А. География животных, 2-изд. М., 1961, Воронов А. Г. Биогеогра фия. М., 1963.