Difference between revisions of "АДВЕНТИЗМ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДВЕНТИЗМ''' (лат. adventus – келүү) – АКШда 1830‑ж. пайда болгон протестантизмдин багыты. Баптист‑дин үгүттөөчү Уильям Миллер (1782–1849) тарабынан негизделген. Ал 1843‑ж. Библияга таянып, өз алдынча татаал эсептөөлөрдү жүргүзүп, Иисус Христостун Экинчи жолу келишин аныктаган ж‑а анын пикири б‑ча ал дата 1843–44‑ж. аралыгы болгон. 1843‑ж. Миллердин жактоочуларынын саны 100 миңге жеткен. Анын айтканы ишке ашпай калган соң, Миллердин жактоочулары дагы бир нече даталарды айтып чыгышкан. 1845‑ж. Олбаниде (Нью‑Йорк штаты) өткөн адвентисттердин съездинде өздөрүнүн ассоциациясын түзүшүп, диний догматтарды иштеп чыгышкан. Алардын пикири б‑ча дүйнөнү өрт каптап жок болот, бирок динге ишенгендер үчүн жаңы дүйнө пайда болот. Христостун экинчи жолу келиши динчилдердин кайрадан тирилиши м‑н коштолуп, Христостун 1000 жылдык башкаруусунан кийин күнөөлүүлөр да тирилет. Адвентисттердин догматтарды талкуулоодо пайда болгон ич ара пикир келишпестиктерден бир нече топко бөлүнүп кетишкен, а. и. эң ириси Жетинчи күндүн адвентисттери. Мындан тышкары Кудайдын чиркөөсү, Жашоонун ж‑а келүүнүн союзу ж. б. Адвентисттик үгүт канчалык көп элге жетсе, Христостун келиши ошончолук тездейт деп эсептешип, Жетинчи күндүн адвентисттери (ЖКА) миссионердик ишти өтө уюшкандыкта, активдүүлүк м‑н жүргүзүшөт. Алар кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани беришип, согуш ж‑а табият кырсыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө БУУ м‑н бирдикте кызматташууда. 600гө жакын госпиталь, клиникалар ж‑а санаторийлерди керектүү дары‑дармек, каражат м‑н камсыздап турат. ЖКА чиркөөсүнүн 205 өлкөдө общиналары, 1 млнго жакын жактоочулары бар. |
17:04, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АДВЕНТИЗМ (лат. adventus – келүү) – АКШда 1830‑ж. пайда болгон протестантизмдин багыты. Баптист‑дин үгүттөөчү Уильям Миллер (1782–1849) тарабынан негизделген. Ал 1843‑ж. Библияга таянып, өз алдынча татаал эсептөөлөрдү жүргүзүп, Иисус Христостун Экинчи жолу келишин аныктаган ж‑а анын пикири б‑ча ал дата 1843–44‑ж. аралыгы болгон. 1843‑ж. Миллердин жактоочуларынын саны 100 миңге жеткен. Анын айтканы ишке ашпай калган соң, Миллердин жактоочулары дагы бир нече даталарды айтып чыгышкан. 1845‑ж. Олбаниде (Нью‑Йорк штаты) өткөн адвентисттердин съездинде өздөрүнүн ассоциациясын түзүшүп, диний догматтарды иштеп чыгышкан. Алардын пикири б‑ча дүйнөнү өрт каптап жок болот, бирок динге ишенгендер үчүн жаңы дүйнө пайда болот. Христостун экинчи жолу келиши динчилдердин кайрадан тирилиши м‑н коштолуп, Христостун 1000 жылдык башкаруусунан кийин күнөөлүүлөр да тирилет. Адвентисттердин догматтарды талкуулоодо пайда болгон ич ара пикир келишпестиктерден бир нече топко бөлүнүп кетишкен, а. и. эң ириси Жетинчи күндүн адвентисттери. Мындан тышкары Кудайдын чиркөөсү, Жашоонун ж‑а келүүнүн союзу ж. б. Адвентисттик үгүт канчалык көп элге жетсе, Христостун келиши ошончолук тездейт деп эсептешип, Жетинчи күндүн адвентисттери (ЖКА) миссионердик ишти өтө уюшкандыкта, активдүүлүк м‑н жүргүзүшөт. Алар кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани беришип, согуш ж‑а табият кырсыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө БУУ м‑н бирдикте кызматташууда. 600гө жакын госпиталь, клиникалар ж‑а санаторийлерди керектүү дары‑дармек, каражат м‑н камсыздап турат. ЖКА чиркөөсүнүн 205 өлкөдө общиналары, 1 млнго жакын жактоочулары бар.