Difference between revisions of "АГРЕГАТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(лат. aggregatus ‒ бириктирген) ‒ кандайдыр бир татаал машинанын бир нече тетиктери кошулуп, толук бир бүтүндү түзгөн бөлүгү же түйүнү. Бул түйүндөр айрым функцияларды өз алдынча аткарып, бири-бирин толук алмаштыра алат. А-тын түрлөрү: 1) машинанын А-ы‒ технол. процессте машинанын белгилүү функция аткарган, өз ара алмашууга жарамдуу бир бөлүгү (мис., электр кыймылдаткыч, насос ж. б.); 2) бир курамда иштеген бир нече машинанын мех. бирикмеси (мис., айдоо А-ы трактор, соко, маладан турат); 3) минералдардын ж-а алардын өсүндүлөрүнүн жыйындысы (мис., кварцтын, слюданын А-ы).