Difference between revisions of "АВСТРАЛИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

АВСТРАЛИЯ46.png

(Australia) – Австралия материгиндеги мамлекет. Материкке жакын жайгаш кан Тасмания а. да А-нын курамына кирет. Түндүгүн Тимор, Арафура деңиздери ж-а Тор рес кысыгы, чыгышын Коралл ж-а Тасман де ңиздери, түштүгүн Басс кысыгы ж-а Инди океаны чулгап жатат. Чет жакасындагы Флин дерс, Кинг, Кенгуру ж. б. майда аралдарды, о. эле Картье, Эшмор, Рождество, Кокостуу (Киллинг), Херд, Макдональд, Норфолк а. да А-га карайт. Аянты 7,7 млн км2. Калкы 23,1 млн (2013). Борбору – Канберра ш. Расмий тили - англис тили.

Акча бирдиги

- Австралия доллары. Мамлекеттик түзүлүшү. А. - Улуу Британия шериктепггигинин курамына кирген федерациялык мамлекет. 6 штаттан, 2 аймактан (Түн. ж-а Федерациялык Борбор) турат. Конституциясы 1900-ж. 9-июлда кабыл алынган, Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамл. башчысы – Британия монархы, өлкөнү анын өкүлү генерал-губернатор башкарат (аны А-нын премьер-министринин сунушу м-н мо нарх 5 жылга дайындайт). Мыйзам чыгаруу бийлигинин Жогорку органы – парламент, ал монархтан ж-а 2 палатадан – Сенат ж-а Өкүлдөр палатасынан турат. Сенат (бардыгы 76 депутат; ар бир штаттан 12ден, 1974-жылдан ар бир ай мактан 2ден депутат) – пропорциялык өкүлдөр системасы б-ча 6 жылга шайланып, ар бир 3 жылда жарымы жаңыланып турат. Төмөнкү палата (148 депутат) мажоритардык система б-ча (альтернативдүү добуш берүү аркылуу) 3 жылга шайланат. Генерал-губернатор конституциялык органды – Федерациялык аткаруу советин дайын дайт. Айрым учурларда генерал-губернатор Өкүлдөр палатасын ж-а Сенатты таратууга укуктуу. Өкүлдөр палатасынын полномочиесинин бүтөөрүнө 6 ай калганда аларды тарата албайт. Ар бир штатка монарх тарабынан губернатор дайындалат. Бардык штат (Квинслендцен башкасы) эки палаталуу (Мыйзам чыгаруу совети ж-а Мыйзам чыгаруу жыйыны же Жыйын палатасы) легислатурага ээ. Штат өкмөтүн премьер-министр жетектейт. Штаттар - графтыкка, графтык - муниципалитеттерге бөлүнөт. Союздук эки аймакты бир палаталуу легисла тура ж-а өкмөт башкарат.

Тарыхы.

Австралиянын жерг. калкынын ата-бабалары Түш. Азиядан 50 миӊ жылдай илгери эле көчүп келишкен. Климаттын жылый башташы м-н деӊиз кысыктары Жаӊы Гвинеяны (20 миӊ жыл мурда) ж-а Тасманияны (12 миӊ жыл илгери) А-дан бөлүп таштаган. Англия колониялаштыра баштаганга чейин (18-к-дын аягы) болжол м-н 250‒300 тилде сүйлөгөн, 300‒500 миӊдей жерг. калк (австралиялыктар) (500‒700 уруулар) жашаган. Алар аӊ уулап, өсүмдүктөрдү, жер-жемиштерди чогултуп күн көрүшкөн. Европалыктардан А-нын жээгине алгач 1606-ж. голландиялык капитан В. Янсзон, кийин А. Тасман келген. 1770-ж. А-нын жээктерин Ж. Кук изилдеп, бул жерлерди Британиянын ээлиги деп жарыялап, Түш. Уэльс деп атаган. 1788-ж. англ. кыштак (азыркы Сидней ш.) пайда болгон. 1868-ж. чейин Улуу Британия Австралияны сүргүнгө айдай турган жер катары пайдаланган. Колониялаштыруу жерг. калкты кырып-жоюу м-н кошо жүргүзүлгөн (18-к-дын аягы ‒ 20-к-дын ортосуна чейин алардын саны 5‒6 эсеге азайган). Англия Австралия да негизинен кой чарбачылыгын өнүктүргөн. 19-к-дын 2-жарымында жеӊил, тамак-аш ж-а тоо-кен иштетүү өнөр жайы бир кыйла өнүккөн. 19-к-дын орто ченинен тартып алтын кендери табылгандан кийин иммиграция абдан өскөн (1900-ж. өлкөнүн калкы 3756 миӊден ашкан). Узак убакыт күрөш жүргүзүү м-н жер которуп келгендер 19-к-дын 50-ж-нда ич ара өзүн-өзү башкаруу укугун алышкан. 1901-ж. 1-январда А-нын түзүлүшү тууралуу салтанаттуу жарыяланган ж-а колониялар биригип, доминион укугуна жетишкен. Союздун (федерация өкмөтүнүн) ж-а штаттын укуктары белгиленип, королдук бийликтин өкүлү ‒ генерал-губернаторго коргоону иштерин уюштуруу ж-а эл аралык байланыштарды жүргүзүү милдети, ал эми ички иштерде жоопкерчилик толугу м-н өкмөткө ж-а штаттардын парламентине берилген. 1906-ж. Улуу Британия Папуа колониясын А. С-на өткөрүп берет. 1911-ж. Союзга өз алдынча бирдик катары Түн. Территория ж-а Жаӊы Түш. Уэльстин бир бөлүгү кошулган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин А. Жаӊы Гвинея а-нын түн. бөлүгүн, Науру а-н башкарууга мандат алат. Экинчи дүйнөлүк согушта Улуу Британия тарапта болуп, антигитлердик коалициянын курамында Тынч океан, Батыш Европа, Түн. Африка ж-а Ж. Чыгыштагы согуш аракеттерине (900 миӊдей аскер) ж-а Вьетнам согушунда АКШ тарабында согушка катышат. Согуштан кийин А. АНЗЮС ж-а СЕАТО сыяктуу эл аралык уюмдардын толук кандуу мүчөсү болуп калган. 1967-ж. аборигендерге бардык граждандык укуктар берилип (1930-ж. аборигендерди резервациялоо иш-чаралары уюштурулган), 1981-ж. Түш. А-нын аборигендери эркин жер ээлөөчүлөр болуп калган. 1985-ж. А-нын өкмөтү Тынч океандын түш. бөлүгүндө ядросуз зона ж-дө келишимге кол коёт. 1986-ж. мамлекеттин Улуу Британиядан толугу м-н бөлүнүшү тууралуу мыйзам кабыл алынат. Учурда өлкө дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер м-н байланышын чыӊдоодо.

Экономикасы.

А. ‒ жогорку деӊгээлде өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүӊ продукциянын (ИДП) көлөмү 819 млрд доллар (2009, АКШ), киши башына бөлүштүргөндө 38,5 миӊ доллардан туура келет. ИДПнин 71,3%ин тейлөө чөйрөсү (финансы, соода, транспорт, байланыш, курулуш, саламаттыкты сактоо ж. б.), 24,9%ин өнөр жай, 3,8%ин а. ч. түзөт. Байланыш сектору тез темп м-н өсүүдө. Экономикасы чет өлкөлүк (АКШ, Улуу Британия, Япония) инвестицияга көз каранды. Эмгектин эл аралык бөлүнүшүндө минералдык сырь¸ну ж-а а. ч. азыктарын өндүрүү үлүшү тийген. Бул эки тармак экспорттун көп бөлүгүн түзөт. Ири корпорациялары: «Телстра» (телекоммуникация), «Броккен-Хилл пропрайетери компани» (энергетика), «Кока-Кола ‒ Аматил» (суусундук), «Рио-Тинто» (түстүү металлургия) ж. б. Ар түрдүү кендери көп. Негизги энергиялык отуну ‒ таш көмүр ж-а күрөӊ көмүр. Отун казып алуу б-ча индустриалык ж-а өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ичинен 1-орунда. Нефть ж-а газ казып алуу өнүгүүдө. Нефть Квинсленд (Муни), Баррау а-нда (Батыш Австралия штатында), Басс кысыгынын тайыз жерлеринде (Виктория штаты), газ ‒ Квинсленд, Түш. Австралия, Батыш Австралия, Виктория штаттарында ж-а Түн. аймагында өндүрүлөт. Темир, боксит, титандуу минералдар (ильменит, рутил), висмут кендерин казып алуу б-ча 1-орунда, коргошун казып алуу б-ча 2-орунда (АКШдан кийин) турат. Дүйнөдөгү уран рудасынын запасынын 24%и А-да. Олимпик-Дам ж-а Рейнджер кендери иштетилүүдө. Боксит, чопо, алюминий казып алуу б-ча дүйнөдө 5-, цинк б-ча 2-, никель б-ча 3-орунда (Россия, Канададан кийин) туруп, никелден платина м-н палладий алынат. Жер астынан казып алуу ыкмасы м-н алтын, күмүш (6-орунда), асыл таштар (опал, сапфир ж. б.) казып алынат. Дүйнөдөгү казып алынган алмаздын (5-орунда) 30%и А-га туура келет. 2007-ж. 239,9 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Кара ж-а түстүү металлургия (рафинацияланган цинк, жез, алюминий), нефть ажыратуу, хим.

Австралиянын чыгыш жээги.

(күкүрт к-тасын өндүрүү, суперфосфат, жасалма каучук, пластмасса), машина куруу (автомобиль ж-а локоматив, станок куруу, электртех., радиоэлектроника), металл иштетүү, тамак-аш (эт, ун, сүт консервалары, май ж. б.), полигр. өнөр жайлары өнүккөн. Өлкө а. ч. азык-түлүгүн өндүрүү ж-а сыртка чыгаруу б-ча дүйнөдө алдынкы орунда. Ири жер ээлөөчүлүк өнүккөн. Өлкөнүн жер фондунун 59%и а. ч-нда пайдаланылат. Аймагынын 5%и айдоо аянты, 5%и жайыт ж-а чабынды. А. ч. өндүрүшүнүн негизги үлүшү мал чарбасына туура келет. Койдун саны (2002-ж. 106 млн) ж-а жүн кыркуу б-ча (дүйнөдөгү өндүрүлгөн жүндүн 30%и) дүйнөдө 1-орунда. Буудай, бал камыш, пахта, шалы, тамеки, жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк ж-а жемиш өстүрүү өнүккөн. Балык

Кой кыркуу.

(136 миӊ т, 2001), рак (55 миӊ т), моллюска (38 миӊ т) кармалат. Ички жүктөрү негизинен темир жол м-н ташылат; о. эле автомобиль (28%), деӊиз транспорттору да өнүккөн. Темир жолунун уз. 37,9 миӊ км (автомобиль жолунуку 813,0 миӊ км). Ири улуттук ж-а эл аралык аэропорттору (Конгсфорд-Смит) бар. Нефть куурунун уз. 2,5 миӊ км, газ куурунуку ‒ 5,6 миӊ км. А-да 70ке жакын деӊиз порту иштейт. Ирилери: Сидней, Порт-Хедленд, Фримантл, Мельбурн, Ньюкасл, Брисбен. Деӊиз-соода флотунун тоннажы 2324 миӊ т детвейт (1764 рег бр.-т). Сыртка а. ч. продуктыларын (жүн, буудай, эт, май, сыр), минералдык сырь¸лорду (түстүү металл, таш көмүр, темир, боксит) чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Улуу Британия, Япония, Кытай.

Маданияты.

А-да билим берүү системасы 19-к-да Британия модели б-ча калыптанган. Өлкөнүн азыркы билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди, 12 жылдык жалпы билим берүүчү мектептерди (милдеттүү 10 жылдык ж-а 2 жылдык толук орто мектепти), кесиптик

Акча бирдиги ‒ австралия доллары.

ж-а ЖОЖду камтыйт. Аларга (мамл., жеке) штаттардын билим берүү министрлиги жетекчилик кылып көзөмөлдөйт. Учурда А-да 41 ун-т (а.и. 3 жеке), Австралия ИА, Гуманитариялык академия, Технологиялык илимдер ж-а инженерия академиясы, Түш. Уэльстин тарых илимдеринин королдук коому, көптөгөн колледждер ж.б. ил. мекемелер бар. Өлкөдө негизинен Мельбурндан чыгуучу «Острейлиан» («Еhe Australian») ж-а «Сидней морнинг геральд» («Еhe Sidneу Mоrning Herald») гезиттери белгилүү. Телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу иштерин «Острейлиан бродкастинг корпорейшен» («Australian Иroadcasting Corporation») корпорациясы ж-а коммерциялык компания лар тейлейт. «Жетинчи канал» (Сhannel 7), «Тогузунчу канал» (Сhannel 9) ж-а «Онунчу канал» (Сhannel 10) деген ири коммерциялык телестанциялары, о. эле өлкөнүн бардык аймакта рын тейлеген коммерциялык радиостанциялар бар. А-нын ад-ты 19-к-дан англис тилинде өнүгө баштаган. Колониялык доордо (19-к-дын аягына чейин) Улуу Британиянын адабий салтта

Коредеги аборигендердин сүрөттөрү. Аборигендер дин аскадагы живописи.

рынын таасиринде болгон. Алгач ирет Б. Филддин ыр жыйнагы 1819-ж., эӊ ири алгачкы прозалык чыгарма Г. Сейверинин «Квинтус Сервинтон» романы 1830‒31-ж. жарык көргөн. 19-к-дын аягы ‒ 20-к-дын башында гана австралия лык жазуучулардын чыгармаларында улуттук өзгөчөлүктөр пайда боло баштаган. Мис.: Г. Лоусондун ыр ж-а аӊгемелер жыйнагы, С. Радда м-н П. Уорунгдун новеллалары, Э. Б. Патерсон дун балладасы ж. б. 1917‒29-ж. Г. Х. Ричардсондун «Ричард Маэнинин тагдыры» аттуу алгачкы роман-эпопеясы жарык көргөн. Жазуучулар К. С. Причард, А. Маршалл, В. Палмер, Д. Кьюзектин чыгармалары дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 20-к-дын акырында драматург Д. Уильямсон, жазуучулар К. Маккалоу, Р. Уолес Крэб, Д. Малуф, акын Л. Ларринин, аборигендердин арасынан чыккан акын-жазуучу лардын, а. и. акындар К. Уокер, Л. Фогорти, драматургдар Ж. Дейвис, Р. Меррит, С. Морган ж. б. А-нын ад-тын байытууда ролу зор. Абориген-жазуучулар көркөм чыгармаларда өз элинин турмушун чагылдырууда классикалык

Дарактын кабыгына түшүрүлгөн кенгурунун сүрөтү м-н ырым-жырымдар ды аткаруу учуру.

реализмди гана өздөштүрбөстөн, о. эле магиялык реализмдин стилистикасын колдонуп, элдик мифологияны пайдаланууда. Учурда австралиялык абориген жазуучуларынын ичинен А. Уэллер («Алтын булуттардын өлкөсү» филос. антиутопиялык чыгарманын автору) кеӊири белгилүү. А-лыктардын көркөм өнөр башаты жерг. австралиялык-аборигендердин үӊкүрлөрдүн бетине, калкан, бумеранг ж. б. магиялык мүнөздө тартылган сүрөттөрдөн башталат. 18-к-дын аягынан европалыктардын келиши м-н шаарлар көбөйүп, англ. неоклассикалык, неоготикалык түрдөгү таштан курулган имараттар пайда болгон. Сүрөт иск-восунун башталышы 18‒19-к-дагы К. Мартенстин, С. Т. Гиллдин чыгармала ры м-н мүнөздөлөт. Кийин улуттук колорит м-н коштолгон живопистик чыгармалар жарала баштаган (алардын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ч. Кондер, Т. Робертс, Ф. Маккаббин ж. б.). 21-к-дын башында Азиядан келген эммигранттар дын таасири м-н чыгыш мад-тына таандык белгилер байкалат. А-нын элдеринин музыкасы жерг. калктын, англавстралиялыктар, европалык ж-а азиялык келгиндердин салттуу муз. мад-ты м-н мүнөздөлөт.

Сиднейдеги опера театры. 1959‒66. Арх. Й. Утзон.

Аборигендердин мад-тында музыка ырым-жырымдардын бир бөлүгү катары болгон. Түн. А-да аборигендердин музыкасы Жаӊы Гвинеянын, 14‒15-к-дарда азиялык келгиндердин (Малайя архипелагы ж. б.) таасири м-н өнүксө, 18-к-дын аяк ченинде европ. мүнөздөгү мад-т калыптана баштаган. 1833-ж. Сидней филармониялык коому, кийинчерээк алгачкы муз. окуу жайлары, жеке опералык компаниялар, 1906-ж. симф. оркестр түзүлгөн. 1847-ж. Сиднейде биринчи жолу А. Натандын «Дон Джон Австрий ский» аттуу операсы коюлган. 1935-ж. Композиторлор гильдиясы, 1951-ж. Сиднейде улуттук опералык компания түзүлгөн. Ошол учурда композиторлор: А. Хилл, П. Грейнджер, К. Дуглас, Н. Мил, Л. Сицки, аткаруучулардын ичинен ырчы Ж. Сазерленд кеӊири белгилүү болгон. Учурда өлкөдө «Сидней-Опера-Хаус» муз.-театр комплекси (опера ж-а балет театры м-н бирге), Мельбурндагы мамл. театр (1985), Аделаидадагы мамл. операсы (1974), муз. борбор, консерваториялар ж. б. бар. Театрда алгачкы оюн көрсөтүүлөр келгиндер дин демилгеси м-н 1780-ж. ченде эле башталган. 1830‒40-ж. Сидней, Хобарт, Мельбурнда театрлар ачылган. Аларда өздүк көркөм чыгармачыл жамааттар эмгектенип, негизинен авст ралиялык авторлордун, о. эле евр. ж-а амер. классикалык чыгармаларды театрлашты рышкан. 1954-ж. Елизавета мамл. театр трести уюшулуп, ал негизинен профессионалдык театрды өнүктүрүүнү көздөгөн. Улуттук драматургиянын өнүгүшүнө Р. Лоулер, П. Уайт, Д. Уильямсон ж. б. омоктуу салым кошкон. 1960-жылдан аборигендердин театры биртоп өнүгө баштаган, 1987-ж. 1-жолу абориген-дра матургдардын улуттук конференциясы өткөрүлүп, анда аборигендердин улуттук театр фонду түзүлгөн. Кино өндүрүшү А-да 1900-жылдан башталат. 1906‒14-ж. 90го жакын кино тартылса, кийин ал кескин кыскарып, кинодогу бул кризис 1960-ж. чейин созулган. Мындай узакка созулган кризистин башкы себеби амер. ж-а англ. прокат компаниялары тарабынан дүйнөлүк кинорыногун басып алышы болгон. 1970‒80-ж. мамлекеттин колдоо көрсөтүүсү ж-а Австралия кинематографисттик комиссиянын түзүлүшү м-н киноискусствосунда бир топ ийгиликтер башталган. Ошол мезгилде Д. Кромбинин «Кадди» (1976), Ф. Шепизинин «Жимми Блэксмит тин ыры» (1977), П. Феймандын «Крокодил аталган Данди» (1986) ж. б. көркөм фильмдер дүйнөгө белгилүү болгон. Амер. компаниялар Голливудга А-нын көрүнүктүү кинематографистте рин (а. и. Б. Браун, М. Гибсон, Д. Дэвис, Н. Кидман, Э. Морс, Ж. Раш) ишке тартып, чакыртышкан. А-нын Жаӊы Зеландия ж-а Франция м-н биргелешип тартышкан «Пианино» (1993, реж. Ж. Кэмпион) фильми 3 ирет «Оскар» сыйлыгына татыктуу болуп, акыркы он жылдыктын киношедеври катары таанылган. Жыл сайын А-да 10‒15ке жакын кино тартылып турат. Адистер негизинен А. кино ж-а телекөрсөтүү мектеби тарабынан даярдалат. Ад.: Страны и народы. М., 1981. Т.: Австралия и Океания. Антарктида; Воляновский Л. Материк, переставший быть легендой. М., 1990; Антонова И. Ф. Экономическая география Австралии. М., 1996; Социально-экономическая география зарубежного мира: 2-е изд. / Под ред. В. В. Вольского, М., 2003; Максаковский В. П. Географическая картина мира. М., 2004. ч.2. ө. Бараталиев, А. Кубатова, А. Орозов.