Difference between revisions of "БОЛГАРИЯНЫН тарыхына кошумча."
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
new2022_2vol>KadyrM |
(Айырма жок)
|
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
коомдо ж-а мамлекетте лидерлик позицияны ээлеп келген БКП бийликтен кетет (1990). 1990-ж. президенттик башкаруу ин-ту киргизилет (1-президент П. Младенов 1990-жылдын апрель-июль айларында). 1991-жылдын июль айында жаңы конституция кабыл алынып, өлкө Б. республикасы деп аталган. Б. унитардык, демократиялык ж-а укуктук мамлекет деп жарыяланган. Өлкө пландуу экономикадан рынок экономикасына өткөн. 1990-жылдары Демократиялык күчтөрдүн биримдиги (1989) ж-а Болгария Социалисттик партиясы (1990) түзүлгөн. Мындан сырткары Укук жана эркиндик үчүн кыймыл, Болгария социал-демокр. партиясы, «Улуттук кыймыл Симеон II» (мурдагы падыша Симеон II 2001–05-жылдары премьер-министр болгон) ж.б. партиялар ж-а кыймылдар өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышкан. Б-нын жетекчилиги европ. саясий ж-а экон. түзүмдөрүнө өлкөнүн терең интеграцияланышын өзүнүн биринчи кезектеги милдети деп эсептейт. 2005-жылдан өлкөнүн экономикасында олуттуу ийгиликтерге (ИДПнын көбөйүшү, мамлекеттик карыздын азайышы ж. б.) карабастан, өлкөдө чуулгандуу коррупциялык жаңжалдар, энергетика тармагындагы көйгөйлөр (электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү) ж. б. массалык толкундоолор болуп турган. Мындай экон. акциялар бүткүл саясий системага каршы нааразычылыкка айланып, бир нече жолу өкмөттүн алмашылышы м-н коштолгон. Өлкөнүн президенттери: 1990-жылдын апрель-июль айларында П. Младенов, 1990–97-ж. Ж. Желев, 1997–2002-ж. П. Стоянов, 2002–12-ж. Г. Парванов, 2012–16-ж. Р. Плевнелиев, 2016-жылдан Р. Радев. 2004-ж. Б. НАТОго, 2007-ж. Евросоюзга кирген.