Difference between revisions of "АҢ-СЕЗИМ"
new2022_2vol>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АҢ-СЕЗИМ''' – адам чындыкты ойлом процессинде идеалдык жактан кайрадан калыбына келтирүүгө жөндңмдүүлүгүн белгилөөчү филос., социалдык ж-а психологиялык негизги түшүнүктөрдүн бири; б. а. жогорку өнүккөн материяга гана таандык касиет – сапат. Ошондуктан аң-сезим жеке адам баласына гана тиешелүү, адамды башка жан-жаныбарлардан айырмалап-ажыратып турган касиет болуп саналат. Айрым “акылдуу” деген жаныбарларга (маймыл, ит, ат ж. б. ) тажырыйба же эксперимент жасаганда алардын аң-сезиминде адамдын акыл-эсине окшош кылык-жоруктарды көргөзгөнү м-н аларда чыныгы аң-сезим жок экендигин көрөбүз. Аларга карата “айбан интелекти” (интелект животных) же “айбан ойлому” (животное мышление) сыйактуу шарттуу (тырмакчада) түшүнүктөр колдонулат да, негизинен айбандар инстинкт аркылуу гана жашай алатургандыгын, алардын жүргөн-турганы алардын өздөрүнө гана таандык инстинкт механизмине баш ийерин баарыбыз билебиз. Деги эле А.-с-ди теориалык талдоо жагнынан алып караганда эң эле татаал маселе. А.-с-дин ар кыл аныктамары бар. Анын айрымдарына токтоло кетели: Аң-сезим–бул аңдалып-баамдаган бытие; Аң-сезим – бул обьективдүү дүйнөнүн субьективдүү образы; Аң-сезим – бул субьективдүү болумуш (реальность); Аң-сезим – бул идеалык дүйнө (мир идеалность); Аң-сезим – бул адамдын дүйнөгө жасаган мамилеси (отношение) ж. б. Демек, А.-с. – дүйнөнүн, болумуштун чагылышы. Чагылуу бардык нерселерге таандык, бул – алардын өз ара бири-бирине тийгизген таасиринин натыйжасы. А.-с. – чагылуунун эң жогорку формасы, нерселердин мээге гана чагылышы. Ошон үчүн А.-с-дин келип чыгышы үчүн мээнин болушу зарыл. Бирок мээ өзүнөн өзү эле А.-с-ди пайда кыла албайт. Мис., жаңы төрөлгөн баланын мээси бар, бирок эси али жок. Демек, мээ –материанын формасы болуу м-н катар ал тубаса нерсе. Ал эми эс тубаса эмес, ар бир адам аны сырттан алат. Эгер жаңы төрөлгөн баланы эч бир сырткы дүйнө м-н катыштырбай, өзүнчө бир бөлөк жайда, бөлөк бир чоочун чөйрөдө өстүрсө, анда ал адам болбой калат да, айбандык сапаттан чыкпайт. Жаңы төрөлгөн балага сырткы дүйнө таасир эткенде, ал ошол сырткы дүйнө ж-дөгү сигналдарды сезим мүчөлөрү (көз, кулак, мурун, тил, тери сезимдери) анын мээсине жеткирет. Натыйжада таасир эткен нерсенин элеси (тагы, изи, сүрөтү) мээге түшүп калат. Дал ушул элес А.-с. деп аталат. Демек, А.-с. – мээ м-н тышкы дүйнөнүн ортосундагы катынаштын натыйжасы. Учурунда Ф. Энгельс А.-с-ди мээнин продуктусу деп баса белгилеген. Эгер тышкы дүйнө болбосо, анда анын мээ м-н чагылышы болбой, анда анын элеси да калмак эмес. Марксизм пайда болгонго чейин философтор ой м-н нерсенин бири-бирине дал келиши кандайча жүрөт деген суроого так жооп бере алышкан эмес. Ошондуктан материализм А.-с-ди тышкы материалдык дүйнөгө караганда экинчи, анын туундусу деп карайт. Материанын негизги касиети анын материалдуулугу, оъективдүүлүгү болгон сыяктуу эле А.-с-дин негизги касиети – анын идеалдуулугу, субьективдүүлүгү. Бул касиеттин 2 белгиси бар: 1) ал адамдын мээсинде гана жашап, анын өзүнө баш ийет; 2) башкалардын сезим мүчөлөрөнө таасир этпейт, ошондуктан адамдар бири биринин оюн билеалбайт. Өз оюнда эмне бар экенин ар бир адам өзү гана билет. Ал өзүнүн оюн башкаларга жеткирүү үчүн адам сөздү пайдаланат. Сөз болсо ар кандай тыбыштардын айкалышынан туруп, мээдеги субъективдүү элестин аты болуп саналат. Тыбыш – абанын толкуну, демек ал материалдык нерсе. Сөздү айтуу м-н ойдогу элес туюнтулат. Ушул себептен А-с-ди биз идеалдуу дүйнө деп атайбыз. Анткени ал адамдын сезим мүчөлөрүнө чагылбайт. А.-с-дин 2 баскычы бар: алардын бири – сезүү. Ал 2 формадан турат: сезүү – сезим мүчөлөрүнө чагылуу аркылуу калтырылган тышкы дүйнөнүн тагы. Булар мээси, нерби бар бардык жаныбарларга таандык. Алардан адамдын айырмачылыгы А.-с-дин 2-баскычна ээ болгондугунда. Ал абстракттык ойлоо болуп саналат. Бул да 2 формадан турат, түшүнүк – нерселердин идеалдык элеси, анын аты сөз болуп саналат; ой жүгүртүү – сөз тизмеги, сүйлөмдөр; кортунду-ойлоонун натыйжасы. Мында адам тышкы дүйнө м-н сөз аркылуу байланышат. Бул баскыч – абстрактуу ойлоо. А.-с. – биологиялык элес, коомдук кубулуш. Ошондуктан коомдук практиканын негизинде калыптанган А.-с. – индивиддик (өздүк) ж-а коомдук болуп эки формада жүрөт. Мында коомдук А.-с. – коомдук болумуштун чагылуусу; коомдук А.-с-дин формалары: илим, философия, иск-во, адеп-ахлак, дин, саясат, укук. Ж. Арзыкулов | |||
16:58, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АҢ-СЕЗИМ – адам чындыкты ойлом процессинде идеалдык жактан кайрадан калыбына келтирүүгө жөндңмдүүлүгүн белгилөөчү филос., социалдык ж-а психологиялык негизги түшүнүктөрдүн бири; б. а. жогорку өнүккөн материяга гана таандык касиет – сапат. Ошондуктан аң-сезим жеке адам баласына гана тиешелүү, адамды башка жан-жаныбарлардан айырмалап-ажыратып турган касиет болуп саналат. Айрым “акылдуу” деген жаныбарларга (маймыл, ит, ат ж. б. ) тажырыйба же эксперимент жасаганда алардын аң-сезиминде адамдын акыл-эсине окшош кылык-жоруктарды көргөзгөнү м-н аларда чыныгы аң-сезим жок экендигин көрөбүз. Аларга карата “айбан интелекти” (интелект животных) же “айбан ойлому” (животное мышление) сыйактуу шарттуу (тырмакчада) түшүнүктөр колдонулат да, негизинен айбандар инстинкт аркылуу гана жашай алатургандыгын, алардын жүргөн-турганы алардын өздөрүнө гана таандык инстинкт механизмине баш ийерин баарыбыз билебиз. Деги эле А.-с-ди теориалык талдоо жагнынан алып караганда эң эле татаал маселе. А.-с-дин ар кыл аныктамары бар. Анын айрымдарына токтоло кетели: Аң-сезим–бул аңдалып-баамдаган бытие; Аң-сезим – бул обьективдүү дүйнөнүн субьективдүү образы; Аң-сезим – бул субьективдүү болумуш (реальность); Аң-сезим – бул идеалык дүйнө (мир идеалность); Аң-сезим – бул адамдын дүйнөгө жасаган мамилеси (отношение) ж. б. Демек, А.-с. – дүйнөнүн, болумуштун чагылышы. Чагылуу бардык нерселерге таандык, бул – алардын өз ара бири-бирине тийгизген таасиринин натыйжасы. А.-с. – чагылуунун эң жогорку формасы, нерселердин мээге гана чагылышы. Ошон үчүн А.-с-дин келип чыгышы үчүн мээнин болушу зарыл. Бирок мээ өзүнөн өзү эле А.-с-ди пайда кыла албайт. Мис., жаңы төрөлгөн баланын мээси бар, бирок эси али жок. Демек, мээ –материанын формасы болуу м-н катар ал тубаса нерсе. Ал эми эс тубаса эмес, ар бир адам аны сырттан алат. Эгер жаңы төрөлгөн баланы эч бир сырткы дүйнө м-н катыштырбай, өзүнчө бир бөлөк жайда, бөлөк бир чоочун чөйрөдө өстүрсө, анда ал адам болбой калат да, айбандык сапаттан чыкпайт. Жаңы төрөлгөн балага сырткы дүйнө таасир эткенде, ал ошол сырткы дүйнө ж-дөгү сигналдарды сезим мүчөлөрү (көз, кулак, мурун, тил, тери сезимдери) анын мээсине жеткирет. Натыйжада таасир эткен нерсенин элеси (тагы, изи, сүрөтү) мээге түшүп калат. Дал ушул элес А.-с. деп аталат. Демек, А.-с. – мээ м-н тышкы дүйнөнүн ортосундагы катынаштын натыйжасы. Учурунда Ф. Энгельс А.-с-ди мээнин продуктусу деп баса белгилеген. Эгер тышкы дүйнө болбосо, анда анын мээ м-н чагылышы болбой, анда анын элеси да калмак эмес. Марксизм пайда болгонго чейин философтор ой м-н нерсенин бири-бирине дал келиши кандайча жүрөт деген суроого так жооп бере алышкан эмес. Ошондуктан материализм А.-с-ди тышкы материалдык дүйнөгө караганда экинчи, анын туундусу деп карайт. Материанын негизги касиети анын материалдуулугу, оъективдүүлүгү болгон сыяктуу эле А.-с-дин негизги касиети – анын идеалдуулугу, субьективдүүлүгү. Бул касиеттин 2 белгиси бар: 1) ал адамдын мээсинде гана жашап, анын өзүнө баш ийет; 2) башкалардын сезим мүчөлөрөнө таасир этпейт, ошондуктан адамдар бири биринин оюн билеалбайт. Өз оюнда эмне бар экенин ар бир адам өзү гана билет. Ал өзүнүн оюн башкаларга жеткирүү үчүн адам сөздү пайдаланат. Сөз болсо ар кандай тыбыштардын айкалышынан туруп, мээдеги субъективдүү элестин аты болуп саналат. Тыбыш – абанын толкуну, демек ал материалдык нерсе. Сөздү айтуу м-н ойдогу элес туюнтулат. Ушул себептен А-с-ди биз идеалдуу дүйнө деп атайбыз. Анткени ал адамдын сезим мүчөлөрүнө чагылбайт. А.-с-дин 2 баскычы бар: алардын бири – сезүү. Ал 2 формадан турат: сезүү – сезим мүчөлөрүнө чагылуу аркылуу калтырылган тышкы дүйнөнүн тагы. Булар мээси, нерби бар бардык жаныбарларга таандык. Алардан адамдын айырмачылыгы А.-с-дин 2-баскычна ээ болгондугунда. Ал абстракттык ойлоо болуп саналат. Бул да 2 формадан турат, түшүнүк – нерселердин идеалдык элеси, анын аты сөз болуп саналат; ой жүгүртүү – сөз тизмеги, сүйлөмдөр; кортунду-ойлоонун натыйжасы. Мында адам тышкы дүйнө м-н сөз аркылуу байланышат. Бул баскыч – абстрактуу ойлоо. А.-с. – биологиялык элес, коомдук кубулуш. Ошондуктан коомдук практиканын негизинде калыптанган А.-с. – индивиддик (өздүк) ж-а коомдук болуп эки формада жүрөт. Мында коомдук А.-с. – коомдук болумуштун чагылуусу; коомдук А.-с-дин формалары: илим, философия, иск-во, адеп-ахлак, дин, саясат, укук. Ж. Арзыкулов