Difference between revisions of "АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
– археол. табылгалар сакталуучу ж-а көргөзмө өткөрүлүүчү ил. мекеме. А. м. адамзат коомунун өнүгүшүн чагылдырган материалдык ж-а руханий мад-т эстеликтерин чогултуп, сактайт ж-а изилдейт. А. м-дин коллекциялык, мемориалдык, тарыхый-археол. ж.б. түрлөрү бар. А. м-дин коллекциялык түрүнө ачык асман алдындагы музейлер (байыркы шаарлар м-н калктуу конуштар ж.б.) таандык. Алгач бул түшүнүк искусство ж-а илим чөйрөсүндөгү объектилердин (экспонаттардын) коллекциясын билдирсе, 18-к-дан экспонаттар жайгашкан имаратты камтыган. 19-к-дан музейлерде изилдөө иштери башталган. 1946-ж. музейлердин ишин колдоо ж-а өнүктүрүү максатында ICOM (Эл аралык Музейлер кеңеши) эл аралык уюму Парижде түзүлгөн. Учурда бул уюмга кирген 165 мамлекеттин 30 миңдей мүчөсү үч жылда бир жолу жолугушат. ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар м-н тыгыз иштешет. Биринчи А. м. (мусейон) билим берүү мекемеси катары Птолемей I тарабынан Александрияда (Египет) б. з. ч. 290-ж. негизделген. Музейге жашоо бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, ботан. ж-а зоол. бакчалар, обсерватория ж-а китепкана кирген. Кийинчерээк, ага мед. ж-а астрон. куралдар, жаныбарлардын катырылган кептери (чучела), айкелдер ж-а бюсттар кошулуп, окутуу үчүн көрсөтмө курал катары колдонулган. Музей мамлекет тарабынан каржыланган. Б. з. ч. 1-к-да музейдин китепканасында 750 миңден ашык кол жазмалар сакталган. Б. з. ч. 2-к-да антикалык Грециянын ибадатканаларында Кудайларга арналган айкелдер, сүрөттөр ж. б. искусство чыгармалары болгон. Кийинчерээк, буга байыркы Римде, шаар бакчаларында, Рим мончолорунда ж-а театрларында жайгашкан сүрөттөр ж-а скульптуралар кошулган. <br>
'''АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР'''– археол. табылгалар сакталуучу ж-а көргөзмө өткөрүлүүчү ил. мекеме. А. м. адамзат коомунун өнүгүшүн чагылдырган материалдык ж-а руханий мад-т эстеликтерин чогултуп, сактайт ж-а изилдейт. А. м-дин коллекциялык, мемориалдык, тарыхый-археол. ж.б. түрлөрү бар. А. м-дин коллекциялык түрүнө ачык асман алдындагы музейлер (байыркы шаарлар м-н калктуу конуштар ж.б.) таандык. Алгач бул түшүнүк искусство ж-а илим чөйрөсүндөгү объектилердин (экспонаттардын) коллекциясын билдирсе, 18-к-дан экспонаттар жайгашкан имаратты камтыган. 19-к-дан музейлерде изилдөө иштери башталган. 1946-ж. музейлердин ишин колдоо ж-а өнүктүрүү максатында ICOM (Эл аралык Музейлер кеңеши) эл аралык уюму Парижде түзүлгөн. Учурда бул уюмга кирген 165 мамлекеттин 30 миңдей мүчөсү үч жылда бир жолу жолугушат. ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар м-н тыгыз иштешет. Биринчи А. м. (мусейон) билим берүү мекемеси катары Птолемей I тарабынан Александрияда (Египет) б. з. ч. 290-ж. негизделген. Музейге жашоо бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, ботан. ж-а зоол. бакчалар, обсерватория ж-а китепкана кирген. Кийинчерээк, ага мед. ж-а астрон. куралдар, жаныбарлардын катырылган кептери (чучела), айкелдер ж-а бюсттар кошулуп, окутуу үчүн көрсөтмө курал катары колдонулган. Музей мамлекет тарабынан каржыланган. Б. з. ч. 1-к-да музейдин китепканасында 750 миңден ашык кол жазмалар сакталган. Б. з. ч. 2-к-да антикалык Грециянын ибадатканаларында Кудайларга арналган айкелдер, сүрөттөр ж. б. искусство чыгармалары болгон. Кийинчерээк, буга байыркы Римде, шаар бакчаларында, Рим мончолорунда ж-а театрларында жайгашкан сүрөттөр ж-а скульптуралар кошулган. <br>
Б. з. ч. 2-миң жылдыктын башында Кытайдын ж-а Япониянын ибадатканаларында жерг. колдонмо иск-восунун чыгармаларынын коллекциялары пайда боло баштаган. Өзгөчө баалуу коллекция – Сёсоин Нарадагы ибадатканада өркүндөтүлгөн. О. кылымдарда көркөм чыгармалар (зергерчилик буюмдар, айкелдер ж-а кол жазмалар) ж-а согуштан түшкөн буюмдар монастырлар м-н чиркөөлөргө экспонат катары коюла баштаган. Кайра жаралуу доорунда Флоренцияда скульптуралар м-н сүрөттөрдү дворецтерге жайгаштыруу модага айланган. 1581-ж. Флоренциянын герцогу Франческо I Медичинин демилгеси м-н атактуу Уффизи галереясы пайда болгон. 1719-ж. Петербургда биринчи коомдук музей – Кунсткамера (азыркы Улуу Пётр атн. Антропология ж-а Этнография музейи) бояр Александр Кикиндин үйүндө уюшулган. 1750-ж. Парижде Люксембург дворециндеги сүрөттөр, 1753-ж. Лондондогу Британ музейи, 1793-ж. Франциядагы Лувр музейи, 1852-ж. Эрмитаж коомдук музейи ачылган. Археологиянын өнүгүшү м-н музейлер адистештирилип, 19-к-дын башында А. м. пайда болгон. Римдеги Улуттук ж-а Археол. музей, Неаполдогу Улуттук музей, Афины улуттук археол. музейи, Сен-Жермен-ан-Лэдеги Франциянын улуттук байыркы музейи, Оксфорддогу Эшмола музейи, Каирдеги Египет музейи ж. б. айтууга болот. Россияда 1800-ж-дын башында Николаев, 1811-ж. Феодосия, 1825-ж. Одесса, 1826-ж. Керч, 1840-ж. Петербург ш-нда ж-а Россия ун-ттеринде археол. музейлер түзүлгөн. А. м-дин түзүлүшүнө казуу иштерин жүргүзүп, баалуу археол. коллекцияларды чогулткан ил. коомдордун иш-аракеттери түрткү болгон. Кырг-нда 1925-ж. алгачкы М. В. Фрунзе мемориалдык музей-үйү, 1926-ж. Кырг-ндын Борбордук музейи (азыркы Мамлекеттик тарых музейи) негизделген. Бул музей Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде А. Н. Бернштамдын демилгеси м-н тарыхый-археол. бөлүм ачылган. Бөлүмдө Саймалуу-Таш капчыгайынын аска таш сүрөттөрү (б. з. ч. 1-к-дын башы – б. з. 8-к.), коло дооруна таандык археол. казуулардан табылган курал-жарактар ж-а турмуш-тиричилик буюмдары, сактардын "айбанаттар үлгүсүндө" алтын фольгадан жасалган майда кадак-топчулар, Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтындан жасалган кооз көркөм буюмдар ж. б. кирет. О. эле түрк каганаттарынын дооруна (6–20-к-дар) таандык таш айкел коллекциялары, Таластын таш рун жазмалары, курал-жарактары, чоподон, айнектен, металлдан жасалган буюмдары, тыйын табылгалар ж.б. эсептелет. 1960-ж. өлкөбүздүн борборунда Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи, андан кийин Г. Айтиевдин мемориалдык музей өнөрканасы, О. М. Мануйлованын, Т. Сатылгановдун, С. А. Чуйковдун, А. Токомбаевдин, С. Чокморовдун ж-а Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейлери уюштурулган. О. эле Чолпон-Ата ш-ндагы Ысык-Көл мамл. тарых-маданий корук-музейи, Ош ш-ндагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарых-археол. музей комплекси, Чүй өрөөнүндөгү «Бурана» музей мунарасы, Тогуз-Торо өрөөнүндөгү Саймалы-Таш корук-музейи, Ысык-Көл өрөөнүндөгү Рух-Ордо музейи, Нарын мамл. коругу, Ат-Башы аймагындагы Таш-Рабат, Кошой-Коргон эски шаар калдыктары, Ош тарых-маданий корук музейи, Бишкек ш-ндагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси, Жалал-Абад өрөөнүндөгү Шах-Фазиль музейи, Бишкек ш-ндагы Айкелдер музейи, Чүй өрөөнүндөгү «Красная Речка» (Невакет), «Ак-Бешим» (Суяб) шаар калдыктары ж. б. айтууга болот. Кийинки жылдары суу астында музейлер пайда болууда. Түркиядагы Бодрум суу астындагы археол. музейи, Норвегиялык деңиз музейи ж.б. 2017-ж. 12–15 ''м'' тереңдикте Атлантико музейи ачылган. Ланзарот а-нда (Канар а.) курулган. О. эле Россияда ж-а Украинада да суу музейлери бар. Кыргыз улуттук агрардык ун-тинде Борбор Азиядагы алгачкы суу музейи ачылган.<br>                                                                                                                                                                              ''Ш. Керимова''<br>

16:25, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР– археол. табылгалар сакталуучу ж-а көргөзмө өткөрүлүүчү ил. мекеме. А. м. адамзат коомунун өнүгүшүн чагылдырган материалдык ж-а руханий мад-т эстеликтерин чогултуп, сактайт ж-а изилдейт. А. м-дин коллекциялык, мемориалдык, тарыхый-археол. ж.б. түрлөрү бар. А. м-дин коллекциялык түрүнө ачык асман алдындагы музейлер (байыркы шаарлар м-н калктуу конуштар ж.б.) таандык. Алгач бул түшүнүк искусство ж-а илим чөйрөсүндөгү объектилердин (экспонаттардын) коллекциясын билдирсе, 18-к-дан экспонаттар жайгашкан имаратты камтыган. 19-к-дан музейлерде изилдөө иштери башталган. 1946-ж. музейлердин ишин колдоо ж-а өнүктүрүү максатында ICOM (Эл аралык Музейлер кеңеши) эл аралык уюму Парижде түзүлгөн. Учурда бул уюмга кирген 165 мамлекеттин 30 миңдей мүчөсү үч жылда бир жолу жолугушат. ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар м-н тыгыз иштешет. Биринчи А. м. (мусейон) билим берүү мекемеси катары Птолемей I тарабынан Александрияда (Египет) б. з. ч. 290-ж. негизделген. Музейге жашоо бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, ботан. ж-а зоол. бакчалар, обсерватория ж-а китепкана кирген. Кийинчерээк, ага мед. ж-а астрон. куралдар, жаныбарлардын катырылган кептери (чучела), айкелдер ж-а бюсттар кошулуп, окутуу үчүн көрсөтмө курал катары колдонулган. Музей мамлекет тарабынан каржыланган. Б. з. ч. 1-к-да музейдин китепканасында 750 миңден ашык кол жазмалар сакталган. Б. з. ч. 2-к-да антикалык Грециянын ибадатканаларында Кудайларга арналган айкелдер, сүрөттөр ж. б. искусство чыгармалары болгон. Кийинчерээк, буга байыркы Римде, шаар бакчаларында, Рим мончолорунда ж-а театрларында жайгашкан сүрөттөр ж-а скульптуралар кошулган.
Б. з. ч. 2-миң жылдыктын башында Кытайдын ж-а Япониянын ибадатканаларында жерг. колдонмо иск-восунун чыгармаларынын коллекциялары пайда боло баштаган. Өзгөчө баалуу коллекция – Сёсоин Нарадагы ибадатканада өркүндөтүлгөн. О. кылымдарда көркөм чыгармалар (зергерчилик буюмдар, айкелдер ж-а кол жазмалар) ж-а согуштан түшкөн буюмдар монастырлар м-н чиркөөлөргө экспонат катары коюла баштаган. Кайра жаралуу доорунда Флоренцияда скульптуралар м-н сүрөттөрдү дворецтерге жайгаштыруу модага айланган. 1581-ж. Флоренциянын герцогу Франческо I Медичинин демилгеси м-н атактуу Уффизи галереясы пайда болгон. 1719-ж. Петербургда биринчи коомдук музей – Кунсткамера (азыркы Улуу Пётр атн. Антропология ж-а Этнография музейи) бояр Александр Кикиндин үйүндө уюшулган. 1750-ж. Парижде Люксембург дворециндеги сүрөттөр, 1753-ж. Лондондогу Британ музейи, 1793-ж. Франциядагы Лувр музейи, 1852-ж. Эрмитаж коомдук музейи ачылган. Археологиянын өнүгүшү м-н музейлер адистештирилип, 19-к-дын башында А. м. пайда болгон. Римдеги Улуттук ж-а Археол. музей, Неаполдогу Улуттук музей, Афины улуттук археол. музейи, Сен-Жермен-ан-Лэдеги Франциянын улуттук байыркы музейи, Оксфорддогу Эшмола музейи, Каирдеги Египет музейи ж. б. айтууга болот. Россияда 1800-ж-дын башында Николаев, 1811-ж. Феодосия, 1825-ж. Одесса, 1826-ж. Керч, 1840-ж. Петербург ш-нда ж-а Россия ун-ттеринде археол. музейлер түзүлгөн. А. м-дин түзүлүшүнө казуу иштерин жүргүзүп, баалуу археол. коллекцияларды чогулткан ил. коомдордун иш-аракеттери түрткү болгон. Кырг-нда 1925-ж. алгачкы М. В. Фрунзе мемориалдык музей-үйү, 1926-ж. Кырг-ндын Борбордук музейи (азыркы Мамлекеттик тарых музейи) негизделген. Бул музей Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде А. Н. Бернштамдын демилгеси м-н тарыхый-археол. бөлүм ачылган. Бөлүмдө Саймалуу-Таш капчыгайынын аска таш сүрөттөрү (б. з. ч. 1-к-дын башы – б. з. 8-к.), коло дооруна таандык археол. казуулардан табылган курал-жарактар ж-а турмуш-тиричилик буюмдары, сактардын "айбанаттар үлгүсүндө" алтын фольгадан жасалган майда кадак-топчулар, Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтындан жасалган кооз көркөм буюмдар ж. б. кирет. О. эле түрк каганаттарынын дооруна (6–20-к-дар) таандык таш айкел коллекциялары, Таластын таш рун жазмалары, курал-жарактары, чоподон, айнектен, металлдан жасалган буюмдары, тыйын табылгалар ж.б. эсептелет. 1960-ж. өлкөбүздүн борборунда Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи, андан кийин Г. Айтиевдин мемориалдык музей өнөрканасы, О. М. Мануйлованын, Т. Сатылгановдун, С. А. Чуйковдун, А. Токомбаевдин, С. Чокморовдун ж-а Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейлери уюштурулган. О. эле Чолпон-Ата ш-ндагы Ысык-Көл мамл. тарых-маданий корук-музейи, Ош ш-ндагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарых-археол. музей комплекси, Чүй өрөөнүндөгү «Бурана» музей мунарасы, Тогуз-Торо өрөөнүндөгү Саймалы-Таш корук-музейи, Ысык-Көл өрөөнүндөгү Рух-Ордо музейи, Нарын мамл. коругу, Ат-Башы аймагындагы Таш-Рабат, Кошой-Коргон эски шаар калдыктары, Ош тарых-маданий корук музейи, Бишкек ш-ндагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси, Жалал-Абад өрөөнүндөгү Шах-Фазиль музейи, Бишкек ш-ндагы Айкелдер музейи, Чүй өрөөнүндөгү «Красная Речка» (Невакет), «Ак-Бешим» (Суяб) шаар калдыктары ж. б. айтууга болот. Кийинки жылдары суу астында музейлер пайда болууда. Түркиядагы Бодрум суу астындагы археол. музейи, Норвегиялык деңиз музейи ж.б. 2017-ж. 12–15 м тереңдикте Атлантико музейи ачылган. Ланзарот а-нда (Канар а.) курулган. О. эле Россияда ж-а Украинада да суу музейлери бар. Кыргыз улуттук агрардык ун-тинде Борбор Азиядагы алгачкы суу музейи ачылган.
Ш. Керимова