Difference between revisions of "АСАНКАНОВ Абылабек"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
497-555>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:49, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы

Абылабек (1954-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Доскулу айылы) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1993), проф. (1996), KP

АСАНКАНОВ 74.png


УИАнын корр. мүчөсү (2000), акад. (2021). КРдин илим ж-а техника б-ча мамл. сыйлыгынын лауреаты (2002).
1977-ж. КМУну бүткөн.
1977–79-ж. Жумгал р-нунун мектептеринде мугалим, 1979–82-ж. ФПИде окутуучу, 1983–93-ж. КМУнун окутуучусу, археол. ж-a этногр. кафедрасынын башчысы, 1992–94-ж. КМУнун тарых ф-тинин Кыргыз таануу борборунун директору, ошол эле мезгилде (1993-жылдан) ил. пропагандалык «Мурас» ишкер долбоорунун директору, КРдин Президенттик адм-нын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2001–05-ж. И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. ун-тинин ректору, 2005-жылдан КР УИАнын алдындагы Тарых, этнология ж-а археология ин-тунда директор. Кыргыздын тарыхына, этносоциологиясына, рухий мад-тына арналган 100дөн ашык ил. эмгектин (а. и. 10 монография) автору.
Эмг.: Социально-культурное развитие современного сельского населения Киргизии. Ф.,1989; Кыргызы: рост национального самосознания. Б., 1997.