АСАНКАНОВ Абылабек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСАНКАНОВ Абылабек (1954-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Доскулу айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1996),

АСАНКАНОВ 74.png


KP УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), академик (2021). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002).
1977-жылы КМУну бүткөн.1977–79-жылдары Жумгал районунун мектептеринде мугалим, 1979–82-жылдары ФПИде окутуучу, 1983–93-жылдары КМУнун окутуучусу, археология жанa этнография кафедрасынын башчысы, 1992–94-жылдары КМУнун тарых факультетинин Кыргыз таануу борборунун директору, ошол эле мезгилде (1993-жылдан) илимий пропагандалык «Мурас» ишкер долбоорунун директору, КРдин Президенттик администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2001–05-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, 2005-жылдан КР УИАнын Б. Жамгырчинов атындагы тарых, этнология жана археология институтунун директору. Кыргыздын тарыхына, этносоциологиясына, рухий маданиятына арналган 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору.
Эмг.: Социально-культурное развитие современного сельского населения Киргизии. Ф.,1989; Кыргызы: рост национального самосознания. Б., 1997.