Difference between revisions of "АРРЕНИУС"
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
Сванте Август (19. 2. 1859-2. 10.
1927) – физ. химия б-ча швед илимпозу. Швед
ИАнын мүчөсү (1901), бир топ өлкөнүн академияларына ж-а СССР ИАнын ардактуу мүчөсү
(1926). Кембридж, Оксфорд, Бирмингем ж. б.
ун-ттердин ардактуу доктору, электролит диссоциация теориясынын негиздөөчүсү. Упсал унтин бүтүргөн соң (1882), Стокгольм ИАнын физ.
ин-тунда иштейт. 1895-жылдан Стокгольм унтинин проф., Нобель сыйл. лауреаты (1903).
1905-жылдан Нобель ин-тунун директору. Электролиттердин суюлтулган эритмелеринин электр өткөргүчтүгүн изилдеп, алардын молекуласы эриген учурда заряддалган бөлүкчөлөргө – иондорго ажырайт деген жыйынтыкка келген (1887). Анын электпролитптпик диссоциация
теориясы – 19-к-дагы улуу ачылыштардын
бири, ал эритмеле рди андан ары изилдөөгө негиз берди.