Difference between revisions of "АРГАИЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
433-496>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы

– Австралиядагы алмаздын ири кени, Батыш Австралия штатында, Кунунарра ш-нан 120 км түн.-чыгыш тарапта; запасы ж-а казып алуу көлөмү б-ча дүйнөдөгү ири кен. 1979-ж. ачылган (дүйнөдөгү кимберлит эмес типтеги түпкү кен), 1981-жылдан ачык түрүндө иштетилет. 2007-жылдан жер астынан казып алуу пландаштырылууда. Калган запасы 170,4 млн карат, кенташтагы алмаздын орт. өлчөмү 2,77 карат. Кен протерозойдун кыймылдуу зонасында жайгашып, соңку протерозой – алгач­кы архей жиреп чыккан ж-а метаморфизмделген тоотектер оливиндүү лампроит түтүкчөсүндө жатат. Түтүкчөнүн уз. 2 км, туурасы 500 м (250–280 мден 100 мге чейинки тереңикте). Алмаз­дын сапаты төмөн: зергерлик 5%, субзергерлик 40%, калганы тех. алмаз; орт. массасы 0,08 ка­рат (ириси 28 карат), орт. баасы 9,5 доллар/ка­рат. Өңү күрөң түстүү (80% ке чейин), калганы сары ж-а түзсүз (15-20%), сейрек кездешкени кызгылт түстүү (бриллиант массасы 0,95 карат, дүйнөлүк эң кымбат баада сатылган – 900 миң доллар/каратка).