Difference between revisions of "АРАКЕТ"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
, механикада – системанын динамикасын толук аныктоочу физ. чоңдук. Механикада А. системанын абалын мүнөздөгөн
өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары
аныкталат. Система А-инин негизги касиети
анын эки абалынын арасындагы системанын
мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы
каралса, анда системанын чыныгы кыймылы
мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул
мех. системанын кыймылынын теңдемесин
туюнтууга ж-а бул кыймылды үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. А. түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термод. кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талая теориясын түзүүдө физ. чондук катары колдонулат. Ал эми динамикалык тендемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында А-тин
өлчөмдүүлүгү бар физ. чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теориясында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору м-н берилет, ал эми динамикалык өзгөрмөлөр катары операторлор колдонулат.