Difference between revisions of "АНТТАР"
433-496>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
14:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 -деги абалы
(лат. Antes, гр. Antai) – 6–7-к-дагы
тарыхый булактарда эскерилген байыркы эл.
Готтук (Кассиодор, Иордан), византиялык (Прокопий Кессарийский, Агафий Миринейский,
Менандр Протиктор, Маврикий ж. б.) ж-а сириялык (Иоанн Эфесский) тарыхчылардын эмгектеринде эскерилет. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-ды славяндарга таандык деп эсептешет. «А» термининин этимологиясы дискуссиялуу
бойдон калууда (түркчө ант – ант берүү, иранча
анта – аягы, четки ж. б.). 6-к-га карата А.
Днестр ж-а Днепр д-нын аралыгындагы, о. эле
Днепрден чыгышты карай жайгашкан токойлуу-талаалуу аймактарды мекендешкен. Жазма булактарда А-дын келип чыгышы, салттары ж-а тили б-ча тектеш склавиндер м-н чогуу эскерилет. Алар жер айдап, мал багуу
м-н кесиптенишкен, отуруктуу калк болгон.
Коомдук түзүлүшүндө аскердик демократия, патриархалдык кул ээлөөчүлүк орун алган. Византиялык император Юстиниан 1нин тушунда А.
алгачкы жолу Византия империясынын аймагына кирип барышкан ж-а ушундан тарта А.
тектеш склавиндер м-н бирдикте Византиянын
Балкандагы ээликтерине бат-бат жортуулдарды уюштуруп турушкан. 545-ж. император Юстиниан алар м-н союздаштык келишим түзгөн.
6-к-дын ортосу – 7-к-дын башында А. аварлардын кол салуусуна дуушар болгон. 560-, 590-ж.
Византия империясынын Авар каганатына
каршы күрөшүндө А. зор жардам көрсөткөн.
6-к-дан баштап жазма булактарда А. эскерилбейт. Алардын тукумдары чыгыш славян, айрымдары түш. славян уруулук бирикмелеринин
курамына кирген.
Ад.: Рыбаков Б. А., Анты и Киевская Русь. «Вестник древней истории», 1939, № 1; Седов В. В. Славяне в раннем средневековье. М., 1995.