Difference between revisions of "АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
– Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Биринчи А.-А. с-у (1838–42) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгаш-кан аскерлери 1839-ж. Кандагар, Газни, Кабул ш-н ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мульк-ту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү м-н аяктаган. 1842-ж. аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат.
Экинчи А.-А. с-у (1878–80) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу ж-а Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу м-н жыйынтыкталган. Үчүнчү А.-А. с-унун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы б-ча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.