Difference between revisions of "АНГЛИС ТИЛИ"
м (1 версия) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
АНГЛИС ТИЛИ – англичандардын тили. Улуу | |||
Ирландия (ирланд тили м-н катар), | |||
АКШ, Канада (француз тили м-н катар), Австралия, Жаңы Зеландия, Түш. Африка ж-а Индияда (бир аз бөлүгүндө) оозеки кепте (речте) колдонулуучу ж-а мамл. иш жүргүзүүнүн, | АКШ, Канада (француз тили м-н катар), Австралия, Жаңы Зеландия, Түш. Африка ж-а Индияда (бир аз бөлүгүндө) оозеки кепте (речте) колдонулуучу ж-а мамл. иш жүргүзүүнүн, | ||
ад-ттын ж-а илимдин тили болуп саналат. Бул | ад-ттын ж-а илимдин тили болуп саналат. Бул | ||
23 -сап: | 24 -сап: | ||
Англо-русский фразеологический словарь, [кн.] 1-2, | Англо-русский фразеологический словарь, [кн.] 1-2, | ||
3 изд., М., 1967. ''К. Саматов.''<br> | 3 изд., М., 1967. ''К. Саматов.''<br> | ||
13:41, 21 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНГЛИС ТИЛИ – англичандардын тили. Улуу
Ирландия (ирланд тили м-н катар),
АКШ, Канада (француз тили м-н катар), Австралия, Жаңы Зеландия, Түш. Африка ж-а Индияда (бир аз бөлүгүндө) оозеки кепте (речте) колдонулуучу ж-а мамл. иш жүргүзүүнүн,
ад-ттын ж-а илимдин тили болуп саналат. Бул
тилде 400 млнго жакын адам сүйлөйт. БУУда
официалдуу кабыл алынган беш тилдин бири.
Индевропа тилдеринин батыш герман тобуна
кирет. А. т. 5-6-к-да кельт урууларын сүрүп,
Британияга көчүп келип жайгашкан герман
урууларынын (англ-сакс ж-а ют) тилдеринен
өнүккөн. А. т-нин тарыхы байыркы (7-11-к.),
орто (12-15-к.) ж-а жаңы (15-к-дан бери) болуп
үч мезгилге бөлүнөт. Азыркы А. т. байыркы А.
т-нен айырмаланып, аналит. тилдердин тибине кирет. Сөздөрдүн мааниси сөз тизмектери
ж-а кызматчы сөздөр аркылуу айырмаланат. А.
т-де сөз өзгөртүү мүчөлөрү аз. А. т-нин жазуу
эрежелери м-н сөздөрдүн айтылышынын арасында орчундуу айырмалар бар (А. т-нин орфография эрежелери б-ча кийинки англис ж-а жаңы
англис тилдериндеги тыбыштык өзгөрүүлөргө
жазууда жол берилбейт).
Ад.: Бруннер К., История английского языка, пер.
с нем., т. 1-2, М., 1955-56; Смирницкий А. И.,
Древнеанглийский язык. М., 1955; Кунин А. В.,
Англо-русский фразеологический словарь, [кн.] 1-2,
3 изд., М., 1967. К. Саматов.