Difference between revisions of "АНЖИЯН ОБЛУСУ"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Өзбекстан Респ-сында. 1941-ж. 6-мартта түзүлгөн. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң км2.
Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста
14 адм. район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору -
Анжиян ш. Облустун борб. бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай ж-а Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геол.
активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер
титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 ммдей.
Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа ж-а
саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак
өсөт. Калкынын көбү өзбектер, о. эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы 1 км2 жерге
517 киши. Нефть ж-а газ казып алынат. Нефть
ж-а хим. (Анжиян), жеңил (а. и. пахта тазалоо),
тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян
суу сактыгычы курулган. Асака ш-нда машина
куруу (жеңил) з-ду иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түш. Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо
аянтынын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп,
жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен мал чарбасы начар
өнүгүп, малы Кырг-ндын жайыттарында (уй,
кой) асыралат.