Difference between revisions of "АНДРЕЕВ Николай Тимофеевич"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Николай Тимофеевич [21. 11. 1905,
Москва – 27. 9.1974, Фрунзе (азыркы Бишкек)] – Сов. Союз. Баатыры (1945), полковник. 1942-ж. «Выстрел» курсун, 1947-ж. М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясына караштуу Армиялык жогорку курсту бүтүргөн. 1927-ж. Советтик Армияга чакырылып, солдаттан полковникке чейин
күжүрмөн жолду басып өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1028-аткычтар полкунун (1-Белоруссия фронту, 47-армия, 260-аткычтар дивизиясы) командири болгон. 1945-ж. Варшаванын түндүгүндө Висладагы плацдарм үчүн сал
гылашта Модлин – Варшава шоссесин кесип өтүп,
душмандын күчүнө чоң
зыян келтирген. Бул эрдиги үчүн Сов. Союз. Баатыры
наамы ыйгарылган. Согуштан кийин Советтик Армиянын бөлүктөрүндө ж-а
мекемелеринде жооптуу
кызматтарды аткарган.
1953–58-ж. Кыргыз ССР аскер комиссары.
Кырг-н КП БКнын мүчөсү (1955–58),
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-шайланышынын депутаты. Ленин ордени, 3 Кызыл
Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 3-даражадагы Суворов, Кызыл Жылдыз ордендери
ж-а медалдар м-н сыйланган.