Difference between revisions of "АМСТЕРДАМ"
324-432>KadyrM |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(Amsterdam, алгач Amstellebamme -
«Амстел д-ндагы плотина») – Нидерланд Королдугунун борбор шаары. Өлкөнүн маанилүү маданий очогу ж-а экон. борбору. Калкы 822 миң (2014;
шаар айланасы м-н 2,3 млн); калкынын саны
б-ча өлкөдөгү ири шаар. Амстел д-нын чатында,
Эйсселмер булуңунун жээгинде жайгашкан. Түндүк деңизи м-н кеме жүрүүчү эки канал аркылуу
байланышат. Деңиз порту (жылына 25 млн т жүк
ташылат). Рейн д. м-н даты канал аркылуу туташат. Ири жолдор тоому. Темир жолдор түйүнү.
Схипхол эл аралык аэропорту (Европадагы эң
ири) бар. Метрополитен иштейт.
Шаар алгач 1275-жылдан эскерилет. 15-к-да
ири соода борбору болгон. 16-к-дын аягында
17-к-дын башында биржа ж-а ошол кездеги ири
европалык банктар уюшулуп, дүйнөлүк маанидеги соода ж-а кредит борборуна айланган. 16-
17-к-да Португалия ж-а Германиядан (еврейлер)
ж-а Франциядан (гугеноттор) иммигранттар келишкен. 1795-жылдан Батав Респ-нын, кийинчерээк Нидерланд Королдугунун борбору болгон.
А. – Европадагы туризмдин ири борборлорунун бири. Шаардын жаңы бөлүгүндө Дам аянтында Корол сарайы (1648–55), соңку готика стилиндеги Ньивекерк чиркөөсү (1490-ж. чен),
Улуттук монумент (1954–56) жайгашкан. Эски
бөлүгүндө 50–62) бар. О. кылымдагы Синт-Антонспорт шаар дарбаза курулушу (1488;
1987-ж. чейин еврейлер музейи), 15–17-к-дагы
мунаралар, готика стилиндеги Эски (13-к.) ж-а
Жаңы (15–16-к.), Түн. ж-а Чыгыш чиркөөлөрү
(экөө тең 17-к.) сакталган.
Шаарда ИА, 2 ун-т, консерватория (1884),
театралдык ин-т, ири китепканалар, музейлер
(а. и. Ван Гогдун музейи), Рембранттын үй-музейи, филармония бар. А. –көөнө музыкалардын кайрадан жаралуу борборлорунун бири.
Голландия музыкасы (1947, жайында), эл аралык даректүү ж-а балдар киносу ж. б. фестивалдары өткөрүлөт. Машина куруу (авиация,
кеме куруу, электр техника, электроника), хим.
(полимер, пластмасса, жасалма каучук, жер семирткич, фармацевтика ж. б.), нефть ажыратуу,
полиграфия, тамак-аш – татымал (какао, кофе,
кокос майы ж. б.) өнөр жайы бар. IX Олимпиада
оюндары (1928) өткөрүлгөн. Салт болуп калган
ювелир өндүрүшү, алмазды кырдоо өнүккөн.