Difference between revisions of "АМАНБАЕВ кыштагы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
324-432>KadyrM
(Айырма жок)

09:09, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

(1976-ж. чейин Грозны й) –

Талас обл-нун Кара-Буура р-ндагы кыштак. Аманбаев айыл аймагына караштуу. Күркүрөө суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 990 м бийиктикте, Чымкент – Талас автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору КызылАдыр кыш-нан 35 км батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 7 км. 1870-ж. отурукташкан. Калкы 5677 (2009); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, оорукана, дарыкана, амбулатория, мад-т үйү, китепкана, мончо, кафе ж. б. бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак Соц. Эмг. Баатыры А. Аманбаевдин ысмынан аталган.