Difference between revisions of "АЛЫШБАЕВ Жумагул"
м (1 версия) |
324-432>KadyrM |
(Айырма жок)
|
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Жумагул (1922, Ысык-Көл обл.,
Ак-Суу р-ну, Кереге-Таш айылы – 15. 8. 1969, Фрунзе) – экономист, экономика илимд. доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1964). Пржевальск пед. окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор р-нунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1939-45-ж. Сов. Армияда кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945- 47-ж. Кырг-н JIKCM Талас обкомунун секретары, Кырг-н JIKCM БКнын секретары. 1947-53-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте ж-а <notkey>КПСС</notkey> БКнын алдындагы коомдук академиянын аспирантурасында окуган. 1953-54-ж. Кырг-н <notkey>КП</notkey> БКнын алдындагы респ. парт, мектепте директор, Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1956-58), Кыргыз ССР ИАнын экономика интунда сектор башчы (1958-68), КСЭнин Башкы
редакторунун орун басары
(1968-69) болуп иштеген. А.
конкреттүү экономиканын
айрым тармактары, экономика теориясы б-ча адис катары 200дөн ашуун ил. эмгек жазган. Эмгектеринде
Кырг-нда өнөр жай курулушу ж-дөгү маселелер каралып, өнөр жайынын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайгаштыруу жол
дору далилденген. Кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедия – КСЭни даярдап чыгаруу үчүн
түзүлгөн Башкы редакцияны уюштурууга ж-а
болочок энциклопедиянын сөздүгүн түзүүгө зор
эмгек жумшаган. Кызыл Жылдыз, эки II даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Эмгек
Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а
медалдар м-н сыйланган. Ысмы туулуп-өскөн
айылындагы орто мектепке берилген.
Эмг.: Перспективы и проблемы развития тяжёлой
промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир
актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.