Difference between revisions of "АНТОЛОГИЯ"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anthologia – гүлдөрдүн тобу) -
ар кыл авторлордун белгилүү бир элдин, мезгилдин, агымдын, тематиканын ж-а жанрдын
ад-тын мүнөздөгөн айрым текстеринин топтому. Байыркы мезгилде антикалык поэзиянын
иргелген чыгармалары А. деп аталган. «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» Москвада орус
тилинде (1957) ж-а кыргыз тилинде (1974-75)
эки томдук болуп чыккан (түзүүчүлөр: С. Закиров, Ж. Таштемиров, баш сөзүн жазган Т. Аскаров). 1-томунда оозеки элдик поэзиянын түрдүү
жанрынын, элдик ырлардын, эпостук чыгармалардын үлгүлөрү топтолгон. О. эле Токтогул,
Тоголок Молдо баштаган залкар акындар поэзиясы берилген. 2-томунда акындардын тандалган чыгармалары жыйнакталган (түзгөндөр:
С. Жигитов, А. Токтогулов, башсөзүн жазган
Т. Аскаров). Кийинки «Кыргыз поэзиясынын
антологиясынын» (түзгөн К. Жусупов, 1-том, Б.,
1999; 2-том, Б., 2000) 1-томунда кыргыз оозеки
поэзиясына, жазма ад-тына, акындар поэзиясына, о. эле жазма эстеликтерге ж-а орток түрк
адабий мурасына нукура чыг-лык м-н мамиле
жасалган. Анда Ж. Баласагуни, М. Кашгари,
17-к-дагы кыргыз поэзиясынан Токтогул
ырчы, Асанкайгы, 18-19-к-дагы кыргыз поэзиясынан Калыгул, Молдо Нияз, Арстанбек, Чоңду, Жеңижок, Калмырза ж. б. көркөм мурастарынын классикалык үлгүлөрү жарык көргөн.
К. Тыныстановдун поэзиясы м-н ачылып, оозеки чыгармалар ж-а азыркы кыргыз акындарынын тандамал чыгармалары камтылган. Кыргыз музыкасынын антологиясы (түзгөн: К. К амбаров, Т. Бөрүбаев, С. Мусаев, Б. Алагушов)
1974-ж. жарыкка чыккан.