Difference between revisions of "АНАРХИЗМ"
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
(гр. anarchia – бийликсиз) – коомдогу мамлекеттик түзүлүштү жокко чыгарган идеяны таркаткан саясий-социалдык кыймыл, ал мамлекеттик башкарууну толугу м-н элдик өзүн-өзү башкарууга алмаштырууну көздөйт. 1793-ж. англ. жазуучу У. Годвин «Саясий
акыйкаттыкты изилдөө» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген, 19-
к-дын 40–70-ж-нда саясий кыймыл катары пайда болгон. А. – бир идеологиялык доктрина
эмес, анын төрт негизги багыты бар: 1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. Индивидуалисттик теорияны 1845-ж. М. Штернер «Теңдешсиз жана
анын менчиги» китебинде жазган. Теориянын
негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт.
Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социал теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын
ою б-ча соода системасында реформа жүргүзүү
зарыл. Бул реформа инсандын мамлекетте көз
каранды эместигине алып келет, мамлекет керексиз болуп, өзү жоголот. 19-к-дын 60-жылдары М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик
А. теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. Анын ою б-ча мамлекет элди эзүү
куралы болгондуктан, аны рев-ячыл жол м-н
жок кылуу зарыл деген. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды
негиздеген. Адамдар бири м-н бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамл.
бийликти, жеке менчикти жок кылуу м-н гана
эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.
А. Бекбосун кызы.