Difference between revisions of "АМЕРИКА"
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
23:59, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Батыш жарым шардагы дүйнө
бөлүгү. Чыгышынан Атлантика, батышынан
Тынч, түндүгүнөн Түн. Муз, түштүгүнөн Түштүк
океандары м-н чулганат. Эки материктен (Тун.
Америка ж-а Туш. Америка) турат. Экөөнүн
ортосундагы чек Дарьен (айрым учурларда Панама) мойногу аркылуу жүргүзүлөт. Түн. Американын түштүгүн Борб. Америка, Вест-Индия
ж-а Латын Америкасына бөлөт. Американын
курамына, о. эле дүйнөдөгү эң зор Гренландия а.
ж-а материктерге жакын жайгашкан аралдар
кирет. Жалпы аянты 42,5 млн км2. Түн. ж-а
Түш. Америка бири-биринен обочо, башка дүйнө
бөлүктөрүнөн алые жайгашкандыгына, аянтынын кыйла чоңдугуна, геол. түзүлүшү ж-а рельефи бирдей болсо да табиятынын кескин айырмачылыгына карата эки материкке ажыратылган. 10–11-к-да А-нын түн.-чыгыш жээгине
европалыктардан биринчи жеткен нормандар
болгон. 1492–1503-ж. X. Колумб тарабынан
ачылган Антил а. ж-а кургактыктын жээгинин бир бөлүгү – Индия деп жаңылыш кабыл
алынган. Флоренциялык Америго Веспуччи
жаңы ачылган жерлерди – Жаңы Дуйнө деп атаган. 1907-ж. лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер өзүнүн «Космографияга кириш сөзүндө» Батыш жарым шардагы жаңы ачылган жер
дүйнөнүн жаңы бөлүгү деп болжолдоп биринчи
айткан флоренциялык Америго Веспуччинин
ысымынан атаган.