Difference between revisions of "АЛУНИТ КЕНТАШТАРЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
324-432>KadyrM
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

23:56, 4 Май (Бугу) 2022 -деги абалы

 – алюминий кенташтарынын (рудаларынын) өнөр жайлык маанидеги тиби. Ал негизинен алунит. (25-70%),

кварц, халщедон, опал (баары биригип 40-50%), чополуу минералдардан турат. Бир аз темир оксиди, ильменит, циркон ж. б. кезигет. Жаш жанартоо аймагында күкүрт к-тасы м-н каныккан күкүртүү газдын ж-а эритиндинин таасиринен кычкыл эффузив тоотектеринин гидротермдик өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Курамында алунит 50%тен кем эмес, чополуу минералдары 10% ке чейин болсо бай, кенташтарда алунит 25% болсо ж а р д ы А. к-на кирет. Ири кендери Россияда (Шелихов ж. б.), Азербайжанда (Заглик), Украинада (Беган), АКШда, КЭРде, Австралия, Иран, Индия, Аргентина, Мексика ж. б. өлкөлөрдө белгилүү. Кырг-ндын айрым жерлеринде да чакан А. к. бар. А. к-нан алюминийден башка калий жер семирткичи, күкүрт к-тасы ж-а ванадий, галлий металлдары алынат.
Ад.: Кашкай М. С. Алуниты, их генезис и использование. 2 т. М., 1970.