Difference between revisions of "АКИШЕВ"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Кемал (23. 5. 1924. Павлодар обл. Барнаул ш. –10. 8. 2003, Алматы) – археолог, казак археология илимин негиздегендердин бири. Казакстан мамл. сыйл. (1982), Казак Респнын ИАнын Ч. Валиханов атн. сыйл. (1966) лауреаты, Германия Археол. ин‑тунун корр. мүчөсү, Казакстандын илимге эмг. сиң. кызматкери (1989), 1950‑ж. Казак мамл. ун‑тин бүтүргөн соң Казакстан И Ада аспирант, кенже ж‑а улук ил. кызматкер, профессору. 1955–90‑ж.
Ч. Валиханов атн. Тарых, археология ж‑а этнография ин‑тунда археология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1991‑жылдан А. Маргулан атн. археология ин‑тунун бөлүм башчысы, инттун улук ил. кызматкери. 1954‑жылдан Казакстан аймагындагы археол. экспедициялардын уюштуруучусу ж‑а жетекчиси. Байыркы ж‑а о. кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Эшик (казакча Есик) коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5‑4‑к.), Бешчатыр (б. з. ч. 6‑5‑к.), Отрар ж. б. археол. табылгаларды ачкан ж‑а изилдеген. 220га жакын ил. эмгектин, а. и. 14 монографиянын автору. «Древняя культура саков и усуней долины р. Или» (1963), «Древняя культура Центрального Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорундагы мад‑ттардын маанилүү ж‑а негиздүү маселелерин изилдеген. «Парасат» ордени м‑н сыйланган (1998).