Difference between revisions of "АКИМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

(ар. – хаким – диний ж‑а коомдук иш­терди башкаруучу) – 1) бийлөөчү; атайын да­йындалган же шайланган эл башкаруучу. Кыр­гыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мез­гилде адм. аймактардын башында А. турган. Алар берилген укуктарына жараша кушбег, бек, датка атактарын алышкан да, жалпысынан эл арасында А. аталган. Кырг‑н эли Россия­нин курамына кошулгандан кийинки мезгилде да уезд башчысына ж. б. бийлөөчүлөргө карата айтыла берген, бирок мурунку маанисин жого­туп, кийинчерээк колдонулбай калган; 2) ра­йондук мамл. адм. башчысы. Анын укуктук негиздери КРдин «Жергиликтүү өзүн‑өзү башка­руу ж‑а жергиликтүү администрациясы жө­нүндө» мыйзамында бекитилген. А. жерг. ке­ңештин макулдугу ж‑а премьер‑министрдин су­нушу м‑н КРдин Президенти тарабынан төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Президенттин буйругу м‑н бошотулат. А. эки мөөнөттөн ашык бир райондо кызмат ээлей албайт. КРдин Пре­зидентине, Премьер‑министрине ж‑а обл. адм. башчысына баш ийет. Ал жерг. адм‑нын иш­мердүүлүгүн көзөмөлдөйт ж‑а жыйынтыктары үчүн жооп берет, алардын жетекчилерин ээле­ген кызматынан алууга ж‑а дайындоого макул­дугун берет. Жылына бир жолудан кем эмес, райондук кеңешке иштин абалы ж‑дө билдирүү жасайт: социал.-экон. өнүгүү ж‑а элди социал. жактан коргоо б‑ча программанын, бюджеттин аткарылышы б‑ча отчёт берет ж‑а райондук кеңешке бюджеттин долбоорун бекитүүгө сунуш кылат.	
К. А. Исмаилова.